Сасык тумоо – аба-тамчы аркылуу жугуучу курч вирустук жугуштуу оору. Оору айкын ысытма, жалпы токсикоз белгилери жана жогорку дем алуу жолдорунун жабыркашы менен мүнөздөлөт.

Сасык тумоо вирусун көрсөткөн түстүү сүрөт Адистик: Жугуштуу оору, жалпы медицина Себептери: Сасык тумоо вирусу

Кээде оору кеңири тарап, эпидемияга жана пандемияга айланат.

Белгилери жана жышаандары түзөтүү

Бир нече сааттан 1-1,5 күнгө чейин созулган инкубациялык мезгилден кийин оору адатта курч жана катуу башталат. Оору жеңил же оор формада өтүп кетиши, атүгүл өлүмгө алып келиши да мүмкүн.

Сасык тумоонун алгачкы белгилери чыйрыгуудан, катуу баш оорудан, дене табынын көтөрүлүшүнөн жана булчуң ооруларынан башталат. Ошондой эле тамак кургап, кычышат, кургак жөтөл күчөп, мурун аркылуу дем алуу кыйын болот.

Бул белгилер адатта бир жумага жетпейт. Бирок жөтөл эки жумадан ашык убакытка созулушу мүмкүн. Балдар ичи өтүп, кусушу ыктымал, бирок чоңдордо мындайлар көп кездешпейт.

Сасык тумоонун кабылдап кетишине вирустук пневмония, экинчилик бактериялык пневмония, мурун көңдөйүнүн инфекциялары жана астма же жүрөк жетишсиздиги сыяктуу адамдагы өнөкөт илдеттер себеп болушу мүмкүн.

Сасык тумоо-С вирусуна мүнөздүү болгондой, оору жышаансыз өтүшү да ыктымал.

Эпидемиология түзөтүү

Сасык тумоонун орчундуу өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул ага ар кыл курактагы калктын текши туруштук бере албастыгы. Ошондуктан эпидемиялар тез-тез болуп, пандемияга айланышы да мүмкүн.

Сасык тумоо оорусу жыл бою жүрөт, бирок күз-кыш суук мезгилинде күчөйт. Бул ушул мезгилде элдеги витаминдин жетишсиздиги, суук тийүү, суук мезгилде адамдардын көп топтошкондугу менен байланышкан.

Сасык тумоо пандемиясы 30-40 жылда бир жолу, башкача айтканда, бир кылымда 2-3 жолу кайталанат. Ал жер шарындагы калктын басымдуу бөлүгүнүн тумоонун бардык түрлөрүнө каршы иммунитети азайып кеткендигинин натыйжасында болот. Же болбосо пандемия адамдар али ага каршы иммунитетке ээ боло элек жаңы вирус табигый шарттарда пайда болгондо болот.

Вакциналоо түзөтүү

Сасык тумоону алдын алууда майнаптуу деп эсептелген ага каршы вакцина бар. Аталган вакцина адамда күчтүү иммунитетти пайда кылат. Вакцинанын курамын дайыма өзгөртүп туруу керек, анткени грипп вирусу өзү мутацияга учурап турат.

Сасык тумоого каршы вакцина Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) тарабынан кош бойлуу аялдар, беш жашка чейинки балдар, карылар, саламаттыкты сактоо кызматкерлери жана КИВ/КИЖС, астма, диабет, жүрөк оорулары же дагы башка өнөкөт оорулары бар тобокел тобуна кирген кишилерге сунушталат.

Дарылоо түзөтүү

Көпчүлүк учурларда сасык тумоо инфекциясы өзүнөн-өзү өтөт. Дарылоо сасык тумоонун ысытма, жөтөл, тамактын оорушу ж.б.у.с. жышаандарын жоюуга багытталышы керек. Бейтаптар өз абалын байкап, начарлап кетсе, медициналык жардам алыш үчүн кайрылышы абзел.

Сасык тумоо болгондо төшөктө жатуу өтө зарыл. Инфекциянын жайылышын алдын алуу үчүн кыйыр таасирлери бар дары-дармектер менен өзүн-өзү дарылоодон алыс болуу, башка адамдар менен тыгыз байланыш түзбөө сунушталат.

Бейтаптарга суюктукту көп ичүү, спирт ичимдиктеринен жана тамекиден баш тартуу, ысытманы түшүрүү жана булчуң ооруларын басуу үчүн дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча дары ичүү сунушталат.

Дагы караӊыз: түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

  1. https://de.wikipedia.org/wiki/Influenza#Epidemien/Pandemien
  2. https://en.wikipedia.org/wiki/Influenza#Vaccination
  3. https://www.who.int/vaccine_safety/committee/topics/influenza/pandemic/ru/ Archived 2018-09-24 at the Wayback Machine
  4. https://www.who.int/vaccine_safety/committee/topics/influenza/ru/ Archived 2020-07-15 at the Wayback Machine
  5. https://www.who.int/ru/news-room/fact-sheets/detail/influenza-(seasonal)
  6. https://www.who.int/wer/2005/wer8049.pdf?ua=1