Сахарин - о-сульфобензой кислотасынын имиди; мол. масс. 183,25; таттуу даамдуу, түссүз кристаллдар; балкып эрүү t 220оС; сууда начар эрийт.

С. сууда кайнатса таттуу эмес о-сульфамидбензой к-тасы пайда болот. С. сууда жакшы эрий турган металл туздарын, щелочтуу металлдар туздарын пайда кылат. С. N-Н тобундагы суутек атому натрий менен орун алмашып, тузду пайда кылат. Ал туз сууда жакшы эрип, эки молекула суу менен кристаллогидратты пайда кылат. С. натрий тузу таттуу бирикме (канттан 400 эсе таттуу). Ал кристаллоза деп аталат. С. толуолду хлорсульфон к-тасы менен сульфохлорлоп, алынган хлорангидридди окистендирип (КМnО 4) амидге айландырып, алышат. С. диабет оорусуна чалдыккан адамдар кант оруна колдонушат. Адамдын организми өзүнө сиңирбей, заара менен бөлүп чыгарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү