Сахна жасалгалары.

Сахна жасалгалары. Эпикалык ири көрүнүштөрдү «Манас» эпосунун негизинде коюлган драма, опера жана балет спектаклдериндеги театр жасалгалары аркылуу көрсөтүүгө болот. Кыргыз элинде театр жасалгалоо салты болбогондугуна байланыштуу «Манас» темасына жана башкалар эпосторго кайрылышкан сүрөтчү-коюучулар тарыхый, этнографиялык, фольклордук жана башкалар материалдарды талдап чыгышып, аны костюмдарды, бутафорияларды, программаларды, буклеттерди жана афишаларды жасоодо пайдаланышкан. Биринчи болуп эпос темасына Б. Власов, В. Ференин, А. Малдыбаевдин «Айчүрөк» операсынын театрдык жасалгасынын эскиздерин түзүүгө байланыштуу 1939-ж. Я. Штоффер кайрылган. Ал Талас өрөөнүндө болуп, материал топтоп келген. Бул спектаклдин жасалгасында романтикалык маанай Семетей менен Айчүрөк жөнүндө баяндалып, реалисттик негиз менен айкалыштырылган. Жарык динамикасынын принциби да ийгиликтүү колдонулган. Спектаклдеги окуянын ишенимдүү чыгышы үчүн сүрөтчү предметтерди жана жаныбарларды (ат, куш, бүркүт жана башкалар) да пайдаланган. Согуш жылдарында Я. Штоффер «Айчүрөк» операсынын 250-жолу коюлушуна карата афиша жасаган.

1946-ж. В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаевдин «Манас» операсын сүрөтчү-коюучу А. Арефьев монументтик-жалпыланган мүнөздө жасалгалаган. 1959—65-ж. А. Арефьев жасалгалаган спектаклдердин үчилтиги улуттук фольклордун түрдүү кырларын ачып көрсөткөн: «Айчүрөк», «Манас» опералары (жаңыланган сахна жасалгасы). Эгерде «Айчүрөктө» эпикалык көрүнүш лиризмге сугарылса, «Манаста» баатырдык мотив чагылдырылган. Спектаклдердин монументтүүлүгүн кыргыз оймо-чиймелери менен кооздолгон портал жана согуштук көрүнүш тартылган көшөгө көрсөтүп турат.

«Айчүрөк» операсынын сахна жасалгасы көп вариантта болушу спектаклдерди Кыргызстандын бардык булуң-бурчтарында коюуга мүмкүнчүлүк түзгөн. Ар кайсы жылдарда сүрөтчүлөр Арефьев А., М. Сыдыкбаев, М. Исхаков, М. Бондаренко, Ю. Нурматов жана башкалар эпоско. арналган театр плакаттардын өз варианттарын түзүүнүн үстүндө эмгектенишкен. Кыргыз драма театрында коюлган «Манастын уулу Семетей» (1982), «Сейтек» (1988), «Айкөл Манас» (1990) спектаклдери режиссёрдук изденүүнүн, актёрдук топтордун чеберчилигинин жана сахна жасалгасынын каражаттарынын туундусу.

«Манастын уулу Семетей» спектаклинин жасалгасындагы чеп борбору — ордонун образы (сүрөтчү М. Сыдыкбаев) өз өнүгүшүн «Сейтек» спектаклинде (сүрөтчү М. Исхаков) боз үйдүн ички көрүнүшү тартылган театралдык атмосферада улантат. «Айкөл Манас» спектаклинин сахна жасалгасынын чечилиши (сүрөтчүлөрү М. Сыдыкбаев, М. Исхаков) «Боз үй — бүт өмүр», андагы түндүк — өмүрдүн башталышы жана бүтүшү, эгерде түндүк куласа өмүрдүн бүтүшү деген метафорага негизделген.

Колдонулган адабияттарОңдоо

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4