Тап (таптык, тап күрөшү - саясий күрөш. К.Карасаев)

Саясат - социалдык топтор ортосундагы мамилелер менен байланышып, негизги максаты бийликти жеңип алып кармоо жана пайдалануучу ишмердик чөйрө. Саясат деген бул улуттун же өлкөнүн "ооздуругун" кармоо деген мааниде келип чыгат. Саясат сөзү латын тилинен алынып, шаар деген маанини билдирсе, дагы башка булактарда 'саясат' деген сөз араб тилинен келип чыккан жана “ат үйрөтүүчү” билдирет. Ошондой эле батыш тилдеринде саясат түшүнүгүнүн эквиваленти катары политика сөзү да колдонулат. (Кышлалы, 2011: 19). Саясат, бүгүнкү мааниде, коомдогу ар түрдүү катмарга ортомчулук кылган жана баары үчүн пайдалуу болгон коомдук тартипти орнотуу аракеттерин билдирет. Коомдогу ар кандай ой-пикирлерге жана көз караштарга ээ адамдар ар дайым бири-бири менен карама-каршы келип калуусу ыктымал. Бул учурда, саясат карама-каршылыктуу топторго жалпы эрежелерди сунуштап, тынчтыкта жашоого жана макулдашууга багыттай алат.

Саясий пиар — бул, адистештирилген ишмердүүлүк субъекттеринин саясатын жайылтуу пайдалуу, маалыматты жана дезинформации калк арасында түзүү үчүн коомдо белгилүү бир пикирди жана чечимдерди кабыл алуу.