Саясат философиясы - философия илиминин курамдык бөлүгү, саясат дүйнөсүн онгол. таанып-билүү (болмушту философиялык түшүнүү), саясаттын жалпы, объективдүү табигый-тарыхый закон ченемдүүлүктөрүн жана багыттык, акыл-эстик, логикалык, теориялык өнүгүү процесстерин, практикалык иштерин изилдеп үйрөнүүчү илим.

саясат философиясы -саясий ишмердүүлүктүн фундаменталдык негиздерин, методол. базистерин, принциптерин түзөт, булардан учурда аткарылып жаткан жана алдыда аткарыла турган саясий программалар, пландар, методдор, каражаттар келип чыгат. Саясий ишмер үчүн кандай саясий долбоорлор чыныгы, кайсынысы жалган, кайсынысы кандай өнүгөт, кайсы идеялар иш жүзүнө ашат, кайсынысы иллюзия бойдон кала тургандыгын аныктап алуу маанилүү. саясат - илим да, искусство да. Илим катары ал чындыкты объективдүү анализдөөдөн чыкпай, теорияга айланган корутундуларга жана жоболорго таянат, зарылчылыктын жана кокустуктун, зарылчылыктын жана эркиндиктин диалектикасын эсепке алуусу маанилүү. саясат «мүмкүнчүлүгүн искусствосу», бирок саясатчы саясий жана социалдык мамилелерди жогорку деңгээлге жеткирүү, учурдагы чектелген мүмкүнчүлүктөрдү бузуу үчүн акыл-эстүү тобокелге баруу жөндөмдүүлүгүнө жана шыкка ээ болууга тийиш. М. Вебер саясат катуу тактайды чын дилинен, ошол эле убакта аны так өлчөө менен бургулоого окшош деп салыштырат. Саясатта илимий негизделген саясий курсту иштеп чыгуу жана максатка жетүүнүн реалдуу стратегиясын аныктоо саясат философиясынын башкы милдети болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4