Саясий ачкачылык – бул коомчулуктун көңүлүн тийешелүү маселеге бурдуруу үчүн нааразы тарап барчу атайын саясий же социалдык күрөш түрү.

Кыскача тарыхы түзөтүү

Саясий ачкачылык - күрөш түрү катары 19-кылымдан бери белгилүү.

Орусияда абакта жаткан демократтар жана социал-демократтар ар кыл таламдарын көздөп, бийликке карата ушул ыкма менен нааразылыгын билдирген.



Кыргызстандагы саясий ачкачылык түзөтүү

Кыргызстанда саясий ачкачылык совет доорунда катталган.

Айрымдары тарыхта анча белгилүү эмес, кээлери кеңири маалым.

1981-жылы жайында Кыргыз улуттук университетинин (ал кездеги Кыргыз мамлекеттик университетинин) Аскердик кафедраны бүтүрүүчүлөрүнүн аскердик жайкы лагеринде "теги орус офицер кыргыздын улуттук кийимин мазактады" деген айың кептен улам 2 күнгө созулган саясий ачкачылык өткөрүлгөн. Бул окуя Бишкектин түштүк-чыгышындагы Ала-Тоо аскердик машыгуу жайында болгон.

Акыры офицерлер студенттерден кечирим сурап, алардын айрым социалдык талаптары аткарылаарына убада кылынган соң, бул иш-чара студенттер үчүн ийгилик менен аяктаган.

1990-жылы октябрда Бишкектин (ал кездеги Фрунзе шаарынын) чордонунда, Ак Үйдүн чыгыш капшытында ал кездеги коммунисттик жетекчиликке каршы жана өлкөнү демократиялаштыруу талабы менен "Кыргызстан" демократиялык кыймылы уюштурган ири саясий ачкачылык уюштурулган. Оболу ага 7 киши катышып, 1-2 күндө нааразылык чарасына катышкандардын саны 150гө жеткен. Аларды миңдеген киши колдоп, кол коюшкан.

Акыры, Абсамат Масалиев баштаган коммунисттик жетекчиликтин ордуна демократиячыл канаттын өкүлү (Кыргызстан Илимдер академиясынын президенти Аскар Акаев) президент болуп шайланып, ал КДКнын чщлщрүнө демократиячыл өзгөрүүлөр болооруна убада берип, ачкачылык 1990-жылдын 28-октябрында эртең менен аяктаган. Бул жараянга катышкандардын бири, КДКнын теңтөрагасы Топчубек Тургуналы Кожомбердитегин жаңы шайланган президент Аскар Акаевге ак калпак кийгизген.

Саясий ачкачылык Кыргызстандагы бурмалоолор менен өткөн шайлоо өнөктүктөрү маалында байма-бай уюштурулуп турду.



Кыргызстандын оппозициядагы саясатчылары бул ыкманы 1990-жылдын октябрынан бери мезгил-мезгили менен колдонуп келишет.

Адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтеме түзөтүү

http://www.azattyk.kg/content/Kyrgyzstan_Isakov/1928389.html