Саясий аң-сезим — саясий билимдердин, баалуулуктардын жана көз караштардын системасы, буларга таянып, саясий абалга жараша ылайыкташып түзүлгөн багыттар, аракеттер иштелип чыгат.

Саясий аң-сезимдин түзүлүшүн төмөнкүдөй элементтерди болуп көрсөтүүгө болот:

  • саясий билимдер (саясий система, институттар жана жол-жоболор, алардын жардамы менен элдердин саясий процесстерге катышуусу камсыз болот);
  • саясий баалуулуктар; саясий багыттар (өзүнчө бир саясий системага карата көз караштар жана саясий мамилелердеги жүрүм-турумдун ылайыктуу модели);
  • динамикалык элементтер (коомдук пикир, көпчүлүктүн маанайы ж. б.).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4