Саясий конфликт - саясий процесстин түрү, саясий күчтөрдүн кызыкчылыктарынын, баалуулуктарынын жана көз караштарынын карама-каршылыгы, алардын кагылышуусунун саясий конфликти саясий процесстик форма катары үчкө бөлүүгө болот: конфликттин алды (пайда болуу стадиясы), түздөн-түз кагылышуу жана аны чечүү стадиялары.

Мазмуну жагынан мамлекет аралык, региондук жана жергиликтүү болуп бөлүнүп, ал ачык жана жабык формада жүрөт. Саясий системанын туруксуз болуусу саясий кризис деп аталат. Терроризм, согуш жана революция саясий конфликттин келип чыгуусун шарттайт. Конфликтти басуу, ошоңдой эле компромисске жана консенсуска жетишүү саясий чыр-чатактарды чечүүнүн ыкмаларынан болуп саналат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4