Севрюга (лат. Acipenser stellatus) - осётрлар тукумундагы өтмө балык.

Севрюга.

Уз. 220 см, салм. 68 кгга чейин жетет. Денесинде 5 катар сөөк тикени, алардын ортосунда жылдыз сымал пластинкасы болот.

Тумшугу узун, муруттары кыска. Каспий, Азов жана Кара деңиздин алаптарында жашайт.

Жыныстык жактан 5-17 жылда жетилет. Апрелден сентябрга чейин дарыяда (30- 600 кмче) өрдөп, таштуу суу түбүнө таштайт.

Омурткасыздар жана майда балыктар менен азыктанат. Севрюга нын промыселдик мааниси чоң, эти, икрасы баалуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.