Сейсмдик чалгындоо - Жердин геологиялык түзүлүшүн изилдөө максатында серпилгич толкундун жер кыртышында таралуу өзгөчөлүгүн үйрөнүүгө негизделген геофизиканын методу.

Серпилгич толкундар жаруунун жана согуунун натыйжасында пайда болуп, жер катмарларына өтүп, ар тарапка тарайт. Жер кабаттарында толкундар чагылып жана сынып, бираз бөлүгү жер бетине кайтат да, Сейсмдик чалгындоо станциясында катталат.

Толкундун таралуу убактысын өлчөөнүн жана термелүүнүн мүнөзүн изилдөөнүн негизинде толкун чагылган жана сынган кабаттын тереңдигин, геол. чектин формасын аныктоого, толкун өткөн кабаттардагы тоо тектердин курамын билүүгө болот.

Сейсмдик методдор структуралык жана региондук геологиялык изилдөөлөрдө, нефть, табигый газ, темир рудасы, көмүр ж. б. кен байлыктарды изилдөөдө, ошондой эле инженердик геологияда кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.