Сейсм станциясы - жер титирөөдөгү термелүүнү каттап, андан алынган маалыматтарды алгачкы талдоочу мекеме.

Чечүүчү маселелерине карай телесейсмдик жана региондук болуп бөлүнөт. Телесейсмдик станция эпицентри 2000 кмден ашык аралыктагы сейсмдик сигналды, региондук Сейсм станциясы эпицентринин аралыгы 2000 кмге чейинки жердеги жер титирөөнү каттайт.

Дүйнөнүн бардык Сейсм станциясы жер титирөөнү бир убакта (орточо гринвич убактысы) каттайт; сейсмдик толкундардын кыймылга келген учуру жана алардын динамикалык параметрлери өлчөнөт. Бул маалыматтар байланыш каналы боюнча тиешелүү эсеп борборуна жеткирилет.

Сейсм станциясы сейсмдик уюмдарда даярдалган инструкцияларга ылайык иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.