Сенегал (фр. Sénégal), расмий аталышы — Сенегал Республикасы (фр. République du Sénégal) — Батыш Африкадагы мамлекет[2].

Сенегал Республикасы
фр. République du Sénégal
волоф Réewum Senegaal
фула Renndaandi Senegaali
ар. جمهورية السنغال

Герб
Туу Герб
Урааны: «Un Peuple, Un But, Une Foi (Бир эл, бир максат, бир ишеним)»
Гимн: «Pincez Tous vos Koras, Frappez les Balafons»
Эгемендүүлүк күнү 20-август 1960-жыл

Франциядан)

Расмий тили француз тили
араб тили (хассания)[1]
Борбор шаары Дакар
Ири шаарлар Дакар, Зигиншор, Каолак
Башкаруу формасы президенттик республика
Президент
Премьер-министр
Бассиру Диомай Фай
Усман Сонко
Мам. дини динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
86-орун - дүйнөдө
196 722 км²
2,1
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

18 847 519 адам (68-орун)
86,9 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2023)
  • Ар бир жанга

78,547 млрд $ (106-орун)
4 324 $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

31,141 млрд $ (111-орун)
1 714 $
АДӨИ  0,517 (төмөн) (168-орун)
Этнохороним сенегалдык, сенегалдыктар
Акча бирдиги Батыш Африка франкы
Домени .sn
ISO коду SN
ЭОК коду SEN
Телефон коду +221
Убакыт аралыгы UTC ±00:00

Түндүгүнөн Мавритания, чыгышынан Мали, түштүгүнөн Гвинея жана Гвинея-Бисау менен чектешет[3]. Батышынан Атлантика океанынын суулары менен чулганат. Ошондой эле Гамбия мамлекети Сенегалдын аймагына менен курчалып, Сенегалдын аймагын экиге бөлүп турат[4][5].

Этимологиясы

түзөтүү
 
Сенегалдын топографиялык картасы

«Сенегал» топоними өлкөнүн түндүгү аркылуу агып өткөн Сенегал дарыясынын гидрониминен келип чыккан. Бул гидроним XI кылымдагы араб жазуучусу жана географы Аль-Бакринин эмгектеринде эскерилген «Сангана» падышалыгынын аталышынан келип чыккан деген божомолдоолор бар. Кийинчерээк XVI кылымдагы араб авторлору бул гидронимди «Сингилу», ал эми европалык деңиз саякатчылары «Сенега» деп белгилешкен.

Топонимдин негизин IX кылымдан бери араб булактарында айтылып келген санхажи бербер уруулук биримдигине карата колдонулган «сангая» (ар. صنهاجةṢanhaja; бербер. ⵉⵥⵏⴰⴳⴻⵏ Iẓnagen) этноними түзүшү мүмкүн[6].

Ошондой эле альтернативдүү көз караштар боюнча, Сенегал атылышы — Серер дининдеги пирдин атынын жана серер тилиндеги «көлмө» маанисин берген gal сөз айкалышынын арабчадан бурмаланган версиясы.

Дагы бир вариант, волоф тилиндеги волоф Sunuu Gaal же кыргыз тилиндеги мааниси «биздин каноэ» деген сөздөн келип чыккан аталышы, бул аймактын азыркы аталышы келип чыгышына түрткү болгон деп эсептелет[7].

Атылыштын келип чыгышынын версияларына карабастан, португалдар жана андан кийинки француздар тарабынан колониялаштыруу учурунда «Сенегал» гидроними жана топоними орногон[6].

Географиясы

түзөтүү
 
Казаманс аймагы

Сенегал Батыш Африкада Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан өлкө[8]. Сенегал негизинен ойдуңдуу жана түз рельефке ээ, айрыкча Атлантика океанынын жээгине жакын жерлеринде тоолор же дөбөлөр өтө сейрек кездешет . Өлкөнүн түндүк жана борбордук бөлүктөрү жалпак жана кеңири аймактарга созулуп жаткан түздүктөр менен мүнөздөлөт. Бул аймактарда жарым чөлдөр жана саванналар басымдуурак кылат. Түштүк жана түштүк-чыгыш тарабында рельеф бир аз бийиктеп, токойлуу дөбөлөрдү жана дарыя өрөөндөрүн камтыйт[2].

Сенегалдын аймагын төмөнкүдөй табигый аймактарга бөлүп караса болот:

  • Саванналар — түндүк жана борбордук бөлүктөрүндө кеңири таралган.
  • Токойлуу аймактар — негизинен түштүк аймактарында кездешет.
  • Жээктеги аймактар — Атлантика океанынын жээгинде туздуу саздар жана кумдуу жээктер жайгашкан.

Сенегал ар түрдүү пайдалуу кендерге бай, бул өлкөнүн экономикасында маанилүү роль ойнойт[9].

Фосфориттер жана алюмофосфаттар — Сенегал фосфориттерге бай, тастыкталган запастар болжол менен 200 млн тонна, ал эми алюмофосфаттар 100 млн тоннадан ашат[9]. Бул кендердин келип чыгышы негизинен эоцен дооруна тиешелүү тектер менен байланыштуу.

 
Фаламе кени

Темир кендери — Фаламе районунда темир кендеринин ири запастары табылган[9].

Алтын — Сабодала, Массава жана Гулума кендеринен алтып казылып алынат[10].

Оор минералдар — борбор шаары жайгашкан аймагындагы жээктеги чөкмөлөрдө ильменит, рутил жана циркондун запастары бар. Баалоолорго ылайык, кийинки 25 жыл ичинде жылына орточо эсеп менен 570 000 тонна ильменит жана 95 000 тонна циркон казып алса болот[9].

Өлкөдө ошондой эле жез, боксит, акиташ, мрамор, таш тузу, мунай жана жаратылыш газынын кендери бар. Пайдалуу кендердин ар түрдүүлүгүнө карабастан, тоо-кен тармагы Сенегалдын ИДПсынын болжол менен 2% гана түзөт[11].

Климаты

түзөтүү

Сенегалда тропиктик климат басымдуу жана жыл бою абанын жылуу температурасы менен мүнөздөлөт. Өлкөдө эки негизги мезгил байкалат: кургакчыл жана жаанчыл. Кургакчыл мезгил декабрдан апрелге чейин созулуп, бул учурда ысык жана кургак харматтан шамалы үстөмдүк кылат. Жаанчыл мезгил июндан октябрга чейин болуп, жаан-чачындар негизинен ушул мезгилде жаайт[12].

Дакар шаарында жылдык жаан-чачындын өлчөмү болжол менен 600 мм түзөт жана негизинен июндан октябрга чейин байкалат. Бул мезгилде максималдуу орточо абанын температурасы 30°C, минималдуу орточо абанын температурасы 24,2°C тегерегинде болот. Декабрдан февралга чейинки кургакчыл мезгилде максималдуу аба температурасы орточо 25,7°C, минималдуу температура 18°C түзөт[13]. ​

Өлкөнүн ички аймактарында абанын температурасы жээкке караганда жогору. Мисалы, Каолак жана Тамбакунда шаарларында май айында орточо күндүзгү аба температурасы 30°C — 32,7°C түзөт, ал эми Дакарда бул көрсөткүч 23,2°C. Жаан-чачындын өлчөмү түштүккө карай көбөйүп, кээ бир аймактарда жылына 1500 ммден ашат[12].

Тамбакунда сыяктуу ички аймактарда, өзгөчө Мали менен чек арага жакын чөлгө жакын жерлерде аба температурасы 54°Cге чейин жетиши мүмкүн. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө Ломпул чөлү жайгашып, ал жакта климат кургакчыл келет.

Суу ресурстары

түзөтүү

Сенегалдын суу ресурстарынын негизги өзөгүн анын үч негизги дарыясы жана алар менен байланышкан суу бассейндери түзөт. Өлкөдө ички көлдөр аз болгондуктан, дарыялар суугат суусу жана ичүүчү суу менен камсыздоодо башкы ролду ойнойт.

Сенегалдын дарыяларынын деңгээли негизинен жаанчыл мезгилде (июнь – октябрь) көтөрүлүп, кургакчыл мезгилде түшөт. Жаан-чачын дарыялардын суулуулугуна түздөн-түз таасир этет.

Сенегал дарыясы — өлкөнүн эң ири дарыясы болуп эсептелет. Анын узундугу 1 750 км, бассейнинин аянты 337,000 км²[14]. Бул дарыя Мали жана Мавритания менен чектеш аймактардан агып өтүп Атлантика океанына куят. Негизги куймалары: Бафинг, Бакой жана Фелеме дарыялары. Сенегал дарыясы транспорт, айыл чарба жана балык уулоо тармагында абдан маанилүү роль ойнойт[15]. Ошондой эле ал гидроэнергия менен камсыз кылуу үчүн колдонулат. Дарыянын боюнда Диама жана Манантали дамбалары жайгашкан[16].

Гамбия дарыясы — Сенегалдын түштүк бөлүгүнөн агып өтүп, ошол эле аталыштагы өлкөнүн (Гамбиянын) негизги суу булагы болуп саналат[17]. Ал Атлантика океанына куюп, өлкөнүн түштүк аймагындагы айыл чарба иштеринде колдонулат.

Казаманс дарыясы — түштүк-батыш Сенегал аркылуу агат жана Атлантика океанына куят. Ал Казаманс аймагындагы негизги суу булагы болуп эсептелет жана сугаруу иштеринде маанилүү роль ойнойт[18].

Атлантика океаны Сенегалдын батыш тарабын чулгайт жана анын жээктери балык уулоо жана туризм үчүн маанилүү. Жээктеги туздуу саздар жана кумдуу пляждар биоартүрдүүлүктү камсыз кылат.

Сууну сактап калуу жана айыл чарба иштерин жүргүзүү үчүн маанилүү бир нече дамбалар колдонулат, мисалы, Малидеги Манантали дамбасы. Ал эми Сенегал дарыясындагы Диама дамбасы дарыядагы суунун дээңгелин көзөмөлдөө жана туздуу океан суусунун ички аймактарга киришин алдын алуу үчүн колдонулат.

Булактар

түзөтүү
  1. Айлана-чөйрөнү изилдөө боюнча аймактык отчет. 2013-2018 Африкадагы санарип англис тилин үйрөнүү чөйрөсү
  2. 2.0 2.1 Africa.com. Сенегал жөнүндө маалыматтар
  3. GeoGuide. Сенегал
  4. FXExpress Publications. Эмне үчүн Гамбия Сенегал менен курчалган?
  5. WorldAtlas. Гамбия rайсы өлкөлөр менен чектешет?
  6. 6.0 6.1 Поспелов Е. М. Дүйнөдөгү географиялык аталыштар. Топонимикалык сөздүк
  7. Holloway Beetle. Сенегалдын аталышынын чыныгы тарыхы
  8. Фактбук. Африка. Сенегал
  9. 9.0 9.1 9.2 9.3 MBendi. Сенегалдагы кен казуу
  10. Ассоциация экономического сотрудничества со странами Африки. Сенегал: алтын казуунун жаңы горизонттору
  11. The Northern Miner Group. Сенегал тоо кен өнөр жайы экономиканы өнүктүрүүнү каалайт
  12. 12.0 12.1 Ислам Кызматташтык Уюмунун маалымат агенттиктеринин биримдиги (UNA). Сенегал Республикасы
  13. LIRA2030 жылдык изилдөө форуму Сенегалдын Дакар шаарында башталат
  14. Africa - EENI Global Business School. Сенегал дарыясы
  15. Elsevier.blog. Сенегал дарыясы: Батыш Африканын негизги суу жолу
  16. Encyclopædia Britannica. Сенегал дарыясы
  17. Encyclopædia Britannica. Гамбия дарыясы
  18. Encyclopædia Britannica. Казаманс дарыясы

Тышкы шилтемелер

түзөтүү