Сердолик

Байыркы кыргыздар бул минералды акак таш деп аташкан

[[]]Сердоликминерал. Курамында темирдин кычкылы бар халцедондун бир туру.

Өңү ачык кызгылт сары, кызыл. Агаттын ачык кызыл же кызгылт сары түстөрүнун кезектешип жайгашкан түрү да Сердолик оникси деп аталат.

Сердолик менен Сердолик оникси - кооз жана кымбат баалуу асыл таш. Алар мончок, кутуча, кооз төөнөгүч жасоого жана шакектин,иймектердин көзүнө коюучу таш катары пайдаланылат.

  Кыргызстанда кеңири таралган. Республиканын булуң бурчтарынан кездештирүүгө болот. 2016-жылы Түп районуну Талды-Суу айылдынын тургуну Уланбеков Бакдөөлөт суудан таап алган.  Өңү кызгыл сары формасы тамчыга окшош, салмагы 74гр минерал экени аныкталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.Оңдоп түзөгөн Уланбеков Бакдөөлөт Уланбекович