Силенд княжествосу (англ. Principality of Sealand, сөзмө сөз «деңиз жердин княжествосу») - деңиз платформадагы жайгашкан өлкө. Силенд Улуу Британиянын кылаасынан 10 километр алыстыктан жайгашкан территориясынын алдынан суверенитетке талаптанат.

Силенд
англ. Principality of Sealand

Герб
Туу Герб
Урааны: «E Mare Libertas»
«Деңизден эркиндик»
Гимн: «E Mare Libertas»
Негизделген 2 сентябрь 1967 жылы
Расмий тили англисче
Ири шаарлар Силенд
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Князь Михаил I Бейтс
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.

0,004 км²
100
Калкы
• Бааланган (2017)
Жыштыгы

27 адам
6,75 ад./км²
Акча бирдиги силенддик доллар

Мамлекеттик түзүлүш түзөтүү

Мамлекеттин башында князь турат, азыр ал - Михаил I Бейтс. Өлкөдө конституция 1975 жылдан бери бар. 1989 жылында жаңы конституция чыгып,жети статья менен преамбуланы камтыйт. Монархтын буйруусу декрет катары чыгарылат. Мамлекетте үч министерство бар: ички иштердин, тышкы иштердин жана телекоммуникация менен технологиялардын.[1]

Тарыхы түзөтүү

Платформанын курушу түзөтүү

1942-жылында Улуу Британиянын аскер-деңиз флоту Темза дарыяны жана Улуу Британиянын кылаасын немис-фашист күчтөрүнөн коргош үчүн платформанын сериясы курулган болчу. Ушул платформалардын бири - Roughs Tower (англ. Хулигандын буранасы) деген платформа болчу. Плафтормада 150-300 аскерден гарнизон жана зенит куралдар платформада жайгашкан болчу. Согуш аягында бураналардын кобу талкаланып калган болчуб бирок Рауфс Тауэр ошо бойдон эле калып калган.

Платформаны басып алуу түзөтүү

 
Рафс-Тауэр платформасы

1966 жылы отставкага чыккан майор Пэдди Рой Бейтс жана анын досу Ронан О'Рэйлли оюн-зоок сейилбакты ачыш учун Рауфс Тауэр деген платформаны тандаган болчу. Бирок бир малдан кийин алар урушушуп кеткен болчу. Бейтс платформанын жалгыз ээси болуп калган. 1967 жылында О'Рэйлли кайра платформанын ээси болгусу келип кеткен, максатын аткарыш учун ал кучту колдонгон. Бирок Бейтс мылтык, дробовик, от ыргыткычты колдонуп, платформаны коргогон болчу.

Бирок Рой оюн-зоок сейилбакты курган эмес болчу. Анын ордуна Бейтс Britain's Better Music Station деген пират радиостанцияны курган. Бирок бул радиостанция бир дагы жолу иштеп коргон эмес. 2 сентябрь 1967 жылы ал жаны олконун жаратылышы жөнүндо жарыялап, озун князь Рой I деп атаган. Азыр 2 сентябрь Силендде майрам күн.

Улуу Британиян менен конфликт түзөтүү

1968 жылында британиянын чоңдору Силендди басып кеткенге аракеттенген болчу. Платформага патруль катерлер келген, Бейтс асманга мылтыгы менен эскертүү атылуу кылган. Кан төгүлгөн эмес, бирок Бейтстин үй бүлөсүнө каршы сот иши башталган болчу.

Мамлекеттик төңкөрүштүн аракети түзөтүү

1978 жылы августта Силендде путч князь менен Силенддин премьер-министр граф Александр Готфрид Ахенбах ортосунан конфликт үчүн башталган болчу. Экөө инвестиция тартуу жөнүндө сүйлөшүп жаткан болчу. Андан кийин бири-бирин конституцияга каршы чыкты деп күнөөлөгөн. Князь Австрияда инвесторлор менен макулдашып жатканда, Ахенбах голландиянын жарандары менен аралга тушкон. Жаш принц Михаилди уурдап, подвалга бекитип салган болчу, андан кийин Нидерландыга алпарып алган. Бирок принц Михаил качып кеткен болчу. Голландиялык жарандар тутулуп кеткен.

Силенддин мамлекети эларалык укугу катары иштерди жүргүзгөн. Тышкы туткундар Женеванын согуш туткундары менен иш жүргүзүү жонүндө конвенция катары бошотулган. Төңкөрүштүн уюштуруучу, граф Ахенбах, кызматынан жана титулдарынан бошотулуп, соттолгон болчу. Британиянын ТИМи бул көйгөйгө кийлигишкен эмес, бирок граф Ахенбах Германиянын жараны болгон үчүн, Германиянын дипломаттары кийлигишкен. Аралга Лондондогу немис элчиликтин улук юрисконсульту доктор Нимюллер келген. Князь дипломаттык таанууну талап кылган, бирок кан төгүлбогөн учун Ахенбахты бошоткон.

 
Силенд претензия кылган аймактык суулар

Аймактык суулардын кеңитүү түзөтүү

30 сентябрьда 1987 жылы Улуу Британия аймактык сууларды 3 дениз милядан 12 дениз миляга чейин кениткенин жарыялаган. Эртенки куну Силенд да ошондой жарыялоону кылган. Британиянын мамлекетинен реакция болгон эмес. Бул фактты силенддиктер Британиянын таануусу деп санайт.

Силенддеги өрт түзөтүү

2006 жылы 23 июньда платформада өрт чукул туташуу учун башталган. Өрт дээрлик бут курулштарды бузуп салган. Британиялык аскер-аба күчтөрү куткаргыч вертолёт менен 1 жабыр тартканды ооруканага жеткирген. Ноябрьда Силенд кайра калыбына келтирилген.

Михаил I Бейтс түзөтүү

1999 жылдан бери 57 жашка чыккан Михаил I Бейтс принц-регент болуп калган. 2012 жылы октябрьда Пэдди Рой Бетс каза болгон. Михаил I Бейтс князь жана генерал-адмиралдын титулун тартып алган.

Дүйнөдөгү таануу түзөтүү

Таануу түзөтүү

Азыр эч бир олко Силенд княжествосун тааныбайт.

 
Силенддин ID картасы

Жарандык түзөтүү

Силенддин жарандыгын алыш учун, сайтта регистрацияны отуш керек. Андан кийин Силенддин тышкы иштер минстрлиги керектуу документтердин тизмесин жиберет. Силенддин паспортунун баасы - 118$.[2]

Силенддик паспортун алыш учун киреше булагы болуу керек. 1997 жылы Гонконг шаарында 150 миң Силенддик паспорт окшотуп жасалган болчу. Силенддин паспорттору 10дон ашык олколордон (Болгария, Словения, Румыния, Ирак, Ливия ж.б.) журуш учун, контрабанда катары наркотик жана куралдардын ташып откоруш учун колдонулуп жургон болчу. [3]

Силенддин экономикасы түзөтүү

 
Силенддин почта маркасы

Силенддин экономикасы сувернирлердин, герцог, граф же сир титулдун, почта маркалардын, кийим жана радиопиратчылыктыкка (Пэдди Рой Бэйтс каза болуп калгандан кийин радиопиратчылык менен эч ким иришпейт) негизделген. Андан башка Силенд туризм сферасынын өнүктурүүсүнө пландары бар. Почта маркалары бир убагында Бельгиянын мамлекеттик катоо кызматы тааныган болчу.[4]

 
Силенддин тыйындары, ондон солго: доллардын ½, кумуш доллар жана доллардын ¼

1972 жылдан баштап Силенд тыйындарды согуп чыгарып баштаган:

Баа Материал Чыгаруунун жылы
доллардын ¼ коло 1994
доллардын ¼ күмүш 1994
доллардын ½ жез никел эритме 1994
доллардын ½ күмүш 1994
1 доллар коло 1994
1 доллар күмүш 1994
доллардын 2½ коло 1994
10 доллар күмүш 1972
10 доллар күмүш 1977
30 доллар күмүш 1972
100 доллар алтын 1977

Эскертүүлөр түзөтүү

  1. Sealand, HavenCo, and the Rule of Law, James Grimmelmann
  2. https://www.kommersant.ru/doc/2498229
  3. https://www.independent.co.uk/news/money-laundering-global-fraudsters-use-sea-fortress-as-passport-to-riches-1240742.html
  4. https://sealandgov.org/shop/