Симонян, Мартын Андраникович

Симонян, Мартын Андраникович (1932, Армян ССРи, Мегран р-ну, Танггун кыштагы – 1988, Фрунзе ш.) – геолог. Ереван политехника ин-тун бүткөн (1955). Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясынын Айдаркен партиясында кенже, участкалык, улук, башкы геолог (1955-72), Геол.-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясынын отряд начальниги (1972-88). Эл достугу ордени (1981) ж-а медалдар менен сыйланган. Кыргыз ССРинин геол. кызматына эмгек сиңирген кызматкери (1972). “Кен байлыктарын биринчи ачуучу” деген төш белги берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү