Синдактилия (гр. syn - бирге, чогуу жана daktylos - манжа) - кишинин манжасынын же таманынын тубаса деформациясы.

Аида эки же бир нече манжа биригип бүтөт. Синдактилия толук (манжалардын узуну боюнча бүтүшү), толук эмес (салаалардын бейбелчек- теринин биригип бүтүшү), ошондой эле жаргактуу (манжалардын түбү жука жаргакча менен биригиши), тери сыяктуу (манжалардын бири-бири менен тери жаргакча аркылуу биригиши) жана сөөктүү (бейбелчек сөөктөрүнүн бирге өсүшү) болуп бөлүнөт.

Дарылоодо хирургиялык жол колдонулат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.