Синил кислотасы, суутек цианиди к-тасы, НСN ачуу бадам жыттанган түссүз суюктук; кайноо t 25,7°С, балкып эрүү t 13,3°С, тыгызд. 0,687 г/см3 (20°С). С. к. 1782-ж. Ж. Гей-Люссак суусуз абалында алып, сандык курамын аныктаган. С. к. абада Н2О, СО2, N2 пайда кылуу менен күйөт. Көпкө сактоодон ажырайт. Өтө начар к-та, туздары — цианиддер. Орг. бирикмелери нитрилдер деп аталат. С. к. өндүрүштө аммиак, метан аралашмасын катализатор (Рt же Рt + Rh куймасы ) үстүндө аба менен окистендирүүдөн алынат:

2NH3 + 2СН4 +302 ® 2НСN + 6Н2O

С. к. хлорциан, акрил-нитрил, акрилаттар, амин к-таларын, оксинитрилдер алууда колдонулат. Өтө уулуу зат. Организмдеги окистенүү жана ферментативдик процесстерди төмөндөтөт, гемоглобинди циангемоглобинге айландырат, дем алууну кыйындатат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү