Синицын, Николай Михайлович

Синицын, Николай Михайлович (1909, Петербург ш.–1958, Ленинград ш.) – геолог, геология-минералогия ил. доктору, профессор Ленинград мамлекеттик ун-тинин профессору (1953). Фергана ойдуңун курчаган тоолордун геологиясын, өзгөчө сурьма-сымап жайгашкан Түштүк Фергана тилкесин, анын чегинде кендердин жайгашуу ж-а пайда болуу шарттарынын закон ченемдүүлүгүн изилдеген. Бул изилдөө Кыргызстанда чалгындоо иштерин жүргүзүүгө багыт берип, кендерди ачууга шарт түзгөн. Бир катар геол. карталарды ж-а Теңиртоо менен Памирдин тектоникалык схемасын түзгөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү