Сифон (гр. siphon - түтүк, насос) - 1) суюктуктун деңгээли жогору болгон идиштен деңгээли төмөн болгон идишке суюктук агып түшө тургандай бир жагы экинчи жагынан узун кылып ийилген түтүк.

2) Тиричиликтеги Сифон - басым астында болгон сууну газдаштыруу, көбүрмө суусунду даярдоо үчүн бир учу идиштин түбүнө чейин жеткен, экинчи бийик учуна кран орнотулган ийилген тутүктүү идиш.

3) Гидротехникадагы Сифон - суу сактагычтан, ГЭСтин суу толтурулма бассейинен ашыкчасууну автоматтык түрдө агыза турган түтүк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.