Сканер жөнүндө жалпы түшүнүк 1856-жылы флоренциялык аббат Жованни Казелли алыска сүрөт жиберүүчү прибор ойлоп тапкан. Бул прибор кийинчерээк пантелеграф деп аталган. Жиберилүүчү сүрөт барабанга ток өткөрүүчү сыя менен түшүрүлүп, ийне менен окулган.
1902-жылы Артур Корн аттуу немис физиги кийинчерээк телефакс деп аталып калган фотоэлектрлик сканерлөө технологиясына патент алган. Жиберилүүчү сүрөт тунук айланма барабанга бекитилген. Барабандын огун бойлой жылган лампанын жарыгы түп нускадан өтүп, барабандын огун бойлой жайгашкан призма жана объектив аркылуу фотокабылдагычка жеткен Бул технология барабан сканерлерде дагы эле колдонулат.
Азыркы учурда жарым өткөргүчтөрдүн өнүгүшү менен фотокадылдагыч мыктыланды, сканерлөөнүн планшеттик ыкмасы ойлоп табылды, бирок, сүрөттү санариптөөнүн баштапкы принциби өзгөрүүсүз.калды.
Сканер-жалпак алып жүрүүчүдө (көбүнчө кагазда) жайгашкан сүрөттү окуп, аны санариптик форматка айландырууга же андагы маалыматты алыска жөнөтүүгө ыңгайланыштырылган түзмөк. Сканер компьютерге сүрөт киргизүү үчүн колдонулат. Бул сүрөттордү дароо графикалык редактордо иштетүүгө мүмкүн. Сканерлер жалпак сүрөттөрдү санарип камераларга караганда жакшыраак киргизишет. АСТ (аналогдук санарип түрлөнткүч) менен сканерлөө учурунда ЭЭМ үчүн объекттин образы болгон сүрөттүн санарип сүрөттөлүшү түзүлөт. Бул киргизүү-чыгаруу системинин жардамы менен ЭЭМге берилет.
Азыркы убакта сүрөттөлүштөрдү, тексттерди, сүрөттөрдү сканерлөө түзүлүштөрү кеңири таралган. «Сканерлөө» деген термин англис тилинин to scan деген сөзүнөн алынган, «кечке тигилип кароо» деген маанини билдирет. Сүрөттөлүштөрдү компьютерде кайрадан иштетүү же монитордун экранына чыгаруу үчүн цифралык формага өзгөртүлөт.
Сканер сүрөттөлүштөрдү таанып, автоматтык түрдө анын электрондук көчүрмөсүн түзөт көчүрмөнү компьютердин эсинде сактоого болот. Сканердин айырмалоочу белгилери:

  • Түстү таануунун тереңдиги: ак-кара, боз түстүн градацияланышы, түстүү;
  • Оптикалык чечилиши, же сканерлөөнүн тактыгы дюймдагы чекиттердин саны менен өлчөнөт жана сканер ар бир дюймда айырмалай алуучу чекиттердин санын аныктайт. Стандарттык чечилиштер бир дюймга-200, 300, 600, 1200 чекит;
  • Программалык камсыздоо: үйрөтүлүүчү сканерлерде кол жазма текстти таануу үчүн колт жазмалардын үлгүлөрү болот, интелектууалдуу сканерлерде өзү үйрөнүүчү программа болот.
  • Конструкциясы: кол менен, беттик жана планшеттик.

Сканерлердин маанилүү мүнөздөмөлөрүнө сканерлөө ылдамдыгы жан сканерленүүчү документтин максималдуу өлчөмү да кирет. Азыркы убакта LPT портторуна туташтырылган сканерлер жай иштейт. Ал эми USB портторуна туташтырылган сканерлердин иштөө ылдамдыктары жогору болот.

  • Сканерлер басма ишинде, долбоорлордо системаларында эң кеңири колдонулат. Презентация, доклад, реклама үчүн иллюстрациялоочу материалдарды даярдоо да абдан зарыл.
  • Сканерлердин бир канча түрлөрү бар. Алар: сүрөт сканери, кол сканери, 3Д сканер, биометрикалык сканер, штрих-коддордун сканери, коздүн сканери, программалоо сканери, порттордун сканери ж.б.
  • Cүрөт сканери-сүрөттөрдү сандык маалыматка айландыруу үчүн улат.
  • 3Д сканер-объемдуу нерселерди сканерлөөдө колдонулат.
  • Биометрикалык сканер-адамдын өздүгүн алуу үчүн колдонулат.
  • Программалоо сканери-компилятордун бир бөлүг, лексикалык анализ жүргүзөт.
  • Штрих-коддордун сканери-бул штрих-код аркылуу берилген, маалыматты сканерлөө үчүн колдонулат.