Склера (гp. skleros - катуу), бе- локтуу чел, көздүн агы - көздүн сырткы туташтырма ткандуу кабыгы.

Көпчүлүк омурткалуулардын Склерасынын курамында склера шакегин пайда кылуучу кемирчек тканы менен сөөк пластинкасы болот.

Кишинин Склерасы бири бири менен чырмашкан тыгыз талчалуу ткандан турат. Анын сырткы катмарындагы бири биринен жылчыктар аркылуу бөлүнгөн коллаген талчалары менен пластинкалары көздүн айланып кыймылдашына жардам берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.