Соода агенти – өндүрүүчү менен сатып алуучунун ортосундагы далдалчы. Сатып алуучу товардын ээси болуп эсептелбейт. Адатта ал өндүрүүчүнүн кайсы бир аймактагы туруктуу өкүлү болуп эсептелет. Ташылып келген товардын бир бөлүгүн же баарын сатат (ташуу жана сатык баасын өндүрүүчү өзү чечет). Ошондой эле, мүмкүн болуучу кардарларды издеп табат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, товарга карата менчик укугун берүүнү жол-жоболоштурууга жардамдашат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү