Сорокин Сергей Сергеевич

СОРОКИН Сергей Сергеевич (23. 6. 1913, Россия империясы, Орёл шаары – 19. 7. 1984, Россия Федерациясы, Ленинград шаары) – археолог, СССР географиялык коомунун анык мүчөсү (1959). Ленинград университетин (1949), аспирантураны бүтүргөндөн кийин (1951), Орто Азияда (а. и. Талас жана Чүй өрөөндөрү) жүргүзүлгөн археологиялык экспедицияларга тынымсыз катышып, анын негизинде «Фергана тоолорунун этектеринде жашаган байыркы көчмөн-малчылардын маданияты» («Культура древних скотоводов в предгорьях Ферганы») деген темада кандидаттыгын жактаган. Мамлекеттик Эрмитажда илимий кызматкер (1953–1965), окумуштуу секретарь (1965–1967) болуп иштеп жүрүп, Түштүк-Алтайдагы (Катон, Копай, Курту-II, Аргут-I, Көк-Суу-I, Берел ж. б.) археологиялык изилдөөлөргө катышкан. Байыркы көчмөндөргө тиешелүү 60тан ашык илимий эмгектердин автору.


Эмгектери түзөтүү

О датировке и толковании Кенкольского могильника. //Краткие сообщения о докладах и полевых исследованиях института истории и материальной культуры. Вып. 64. 1956; Отражение мировоззрения ранних кочевников Азии в памятниках материальной культуры. //Культура Востока. Древность и раннее средневековье. Л., 1978, ж. б.