Башбаракты ачуу

Сот бийлиги - бийликтин үчүнчү бутагы болуп сот бийлиги эсептелет. Соттордун эң негизги максаты — сот адилеттигин ишке ашыруу. Бул эмнени түшүндүрөт? Мисалы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны кандайдыр бир мыйзамды кабыл алды. Ага Эл өкүлдөр жыйыны макул болбой, Конституцияга карама-каршы келген мыйзам деп эсептейт. Эки палата бири-бири менен макулдукка келише албады. Бул учурда Конституция бузулду деген тарап Кыргыз Республикасынын Консти-туциялык сотуна кайрылат, ал болсо бул чырды бир тараптын пайдасына чечет. Конституциялык сот тара-бынан кабыл алынган чечим акыркы чечим болуп, даттанылууга жатпайт жана бардык мамлекеттик органдар, кызмат адамдары тарабынан милдеттүү түрдө атка-рылууга тийиш.

Же болбосо, кылмыш жасаган адамдардын ишин карап, аны күнөөлүү же күнөөлүү эмес деп таап, эгер күнөөсү бар болсо жаза чектей турган орган сот гана болуп эсептелет. Ошондой эле соттордо мүлктүк, үй-бүлө мамилесиндеги, эмгек мамилесиндеги жана баш-ка чөйрөлөрдөгү талаш-тартыштар каралат. Кыргыз Республикасындагы соттордун катарына Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республи-касынын Жогорку Арбитраждык соту, облустук, райондук, шаардык соттор, облустук жана Бишкек шаарынын арбитраждык соттору, аскер соттору кирет. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту — Кыргыз Республикасынын Конституциясын сактоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп эсептелет да, Төрагадан, анын орун басарынан жана жети судьядан турат. Алар Президенттин сунушу менен Жогорку Кеңештин эки палатасы тарабынан 15 жылдык мөөнөткө шайланышат.

Конституциялык сот мыйзамдардын, Жогорку Кеңеш, Президент, Өкмөт жана жергиликтүү өз алдын-ча башкаруу органдары кабыл алган нормативдик ак-тылар, чечимдер, Конституцияга карама-каршы келген учурларда, аларды Конституцияга ылайык эмес деп таап, жокко чыгарат. Президентти шайлоонун мыйзамдуулу-гу, Президентти, Конституциялык соттун, Жогорку сот-тун жана Жогорку Арбитраждык соттун судьяларын кыз-маттан четтетүү жөнүндөгү маселе боюнча корутунду чыгарат. Жергиликтүү соттордун судьялары кылмыш жасап кармалып калган учурларда, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берет. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясына өз-гөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча корутунду берет. Конституциялык укуктары бузулду деп эсептешкен граждандар дагы Конституциялык сотко кайрылууга акылуу.

Кыргыз Республикасынын Жогорку соту граждандык, кылмыш жана административдик сот иштери боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп эсептелет. Бул иштерди жер-жерлерде райондук, шаардык жана облустук соттор карашат. Граждандык иштерге, мисал үчүн, автордук укук, мурастык укук боюнча талаш-тартыштар, ажырашуу, баланын атасын аныктоо, эмгек боюнча талаш-тартыштар кирет. Кылмыш иштерине Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза ко-дексинде каралган кылмышты жасаган адамдардын күнөөлүүлүгүн аныктап, жаза чектөө кирет. Адми-нистративдик сот иштерине Кыргыз Республикасынын Административдик укук бузуулар жөнүндөгү кодексинде көрсөтулгөн укук бузууларды жасаган адамдардын жоопкерчилигин кароо кирет. Ушул иштерди караган жергиликтүү сотторго көзөмөлдүктү Жогорку сот жүргүзөт, бирок конкреттүү ишти кароодо көрсөтмө бере албайт. Анткени, кайсы гана судья болбосун, эч кимге көз каранды эмес, мыйзамга гана баш ийет дагы, ишти мыйзамга негиздеп чечиши керек. Эгерде мыйзамга туура келбеген чечим кабыл алынса, жогору турган сот ал чечимди бузуп, ишти башка судьяга кайрадан тууралап кароо үчүн бериши мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык. соту жана облустардын, Бишкек шаарынын арбит-раждык соттору Кыргыз Республикасынын арбитраждык сотторунун системасын түзүшөт. Арбитраждык соттор менчиктин ар түрдүү формасына негизделип чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосундагы мамилелерден жана аны башкаруудан келип чыккан талаштарды чечет. Мисалы, дыйкан чарбасы өндүргөн данын келишим боюнча элеваторго төгүп берген, бирок ал акчасын бербей кечеңдетсе, дыйкан чарбасы акчаны жана кеткен чыгымдарын өндүрүп берүү үчүн арбитраждык сотко кайрылат. Арбитраждык сот мыйзамга ылайык ал ишти карап, тийиштүүлүгүнө жараша чечим чыгарат. Чечим милдеттүү түрдө аткарылууга жатат. Облустук жана Бишкек шаардык арбитраждык сот-торунун ишине көзөмөлдүктү Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждык соту жүргүзөт, башкача айткан-да алар мыйзамга туура келбеген чечим чыгарса, аны бузуп туура чечим чыгарылышына жетишет.

Кыргыз Республикасындагы сот системасы башка бийликтерге көз каранды болбой сот адилеттигин Конституцияга жана мыйзамдарга гана таянып ишке ашыруу үчүн бир кыйла гарантиялар каралган. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-статьясынын 4-пункту, судьянын Конституцияга жана мыйзамга баш ийерин, судья кол тийбес иммунитет укугунан пай-даланаарын жана өз статусуна ылайык анын көз ка-рандысыздыгы социалдык, материалдык жана башка кепилдиктер менен камсыз кылынаарын бекиткен.

Колдонулган адабиятОңдоо

  • ISBN 5-7499-0134-3 Эсенканов К., Идинов А. Мамлекет жана укук негиздери. Бишкек, "Шам", 1999. 39-40 бб.