Социалдык капитал – бул экономикалык жана маданий капиталдын формасы, анда социалдык желелер (тармактар) көңүлдүн борборунда туруп, ар кандай соода келишимдери өз ара бири-бирин сыйлоо, жактыруу, ишенүү жана кызматташтык менен түзүлүп, рыноктук агенттер товарлар менен кызматтарды негизинен өздөрү үчүн эмес, коомчулуктун жалпы жыргалчылыгы үчүн өндүрүшөт.

Термин адатта (а) ресурстарга жана бул ресурстардын материалдык (коомдук жерлер, жеке менчик), материалдык эмес ("акторлор", "адамдык капитал", кишилер) жактарына, (б) бул ресурстардын ортосундагы карым-катнаш жана (c) бул мамилелердин ресурстарга тийгизген таасири, ар бир байланыштан чоңураак топторго чейин жеткен таасирине тиешелүү. Көбүнчө ал жалпы жыргалчылык үчүн коомдук жыргалчылыкты жараткан капиталдын түрү катары каралат.

Социалдык капитал ар кыл топтордун иштеринин жакшырышын, ишкерлик фирмалардын өсүшүн, башкаруу ишмердүүлүгүнүн мыктылыгын, товарды жеткирип берүү чынжырларынын ортосундагы мамилелердин оңолушун, стратегиялык альянстардан алынган баалуулуктардын жана жамааттардын эволюциясын түшүндүрүү үчүн колдонулган.

1990 жана 2000-жылдары бул концепция коомдук дисциплиналардын кеңири аймагында жана саясатта да барган сайын белгилүү болуп калды.

Аныктамалар, формалары жана өлчөмдөр түзөтүү

Социалдык капитал бир нече аныктамаларга, түшүндүрмөлөргө жана колдонууларга ээ. Томас Сандер аны "Бардык коомдук тармактардын коллективдүү баалуулугу, жана бир-бирине бир нерсе кылуу үчүн бул тармактардан пайда болгон шык, ынтаалар" деп аныктайт. Бул "бир-бирине байланышкан адамдар үчүн жана аларды байкоочулар үчүн баалуулуктарды жаратат". Ошону менен бирге өз ара жактыруучулуктун терс нормалары кыйратуучу, зордукчул жүрүм-турумга тоскоолдук болуп берет.

Дэвид Хэлперн саясатчылар үчүн Социалдык капиталдын популярдуулугу анын концепциясынын кош маанисинде жатат деп далилдейт: "анын катуу экономикалык сезими бар жана ошону менен кошо улам кайталанган коомдук мааниси да бар". Изилдөөчүлөр үчүн бул термин бир чети натыйжалардын кеңири аймагынан улам белгилүү; Социалдык капиталды колдонуунун көптүгү көптөгөн аныктамалардын жаралышына алып келди. Социалдык капитал башкаруу ишмердүүлүгүнүн мыктылыгын, ишкерлик фирмалардын өсүшүн, ар кыл фунцияларды жасаган топтордун иштеринин жакшырышын, товарды жеткирип берүү чынжырларынын ортосундагы мамилелердин оңолушун, стратегиялык альянстардан алынган баалуулуктарды түшүндүрүү үчүн ар кыз мезгилде пайдаланылган. "Субьекттер конкреттүү коомдук түзүлүштөрдөн алып чыгып, анан өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн колдонгон ресурс; ал оюнчулардын ортосундагы мамилелердин өзгөрүшүнөн жаралат" (Baker 1990, 619 б.).

Социалдык капиталды аныктап алуунун алгачкы аракеттери канчалык өлчөмдө Социалдык капитал ресурс катары коомдук жыргалчылык же айрым кишилердин кызыкчылыктары үчүн колдонулушу керек деген маселеге топтолгон болучу. Путнам "Социалдык капитал жамааттар менен улуттардагы кызматташтык жана өз ара бир-бирин толуктоочу мамилелерге жардам берет, андыктан азыркы коомчулукка мүнөздүү болгон көптөгөн коомдук тартипсиздиктерге, мисалы кылмышкердикке, каршы күрөштө баалуу каражат болуп калат деп божомолдойт. Анын көз карашы айрым адамдардын коомдук мамилелерден жана байланыштардан алган жеке пайдасына басым жасагандардан айырмаланып турат, алар Социалдык капиталды маалыматка жекелик жетүүнүн жолунун кеңейишине, машыгуу ыктардын жана бийликтин күчөшүнө караштуу болот деп эсептешет. Бул көз карашка ылайык адамдар Социалдык капиталды жамааттардын жыргалчылыгы үчүн эмес, өздөрүнүн карьералык перспективаларын жылдыруу үчүн колдонсо болот.

Пьер Бурде "Капиталдын түрлөрү" эмгегинде "экономикалык капитал, маданий капитал жана Социалдык капитал деп капиталдын үч түрүн ажыраткан. Ал Социалдык капиталды: "фактылык жана мүмкүнчүлүктөрдүн ресурстарынын жыйындысы, алар өз ара тааныштык жана таануу мамилелеринин бекем тармагына ээ болуу менен байланыштуу" деп аныктаган. Анын концепцияны чечмелеши чоң роль ойнойт, ал Социалдык капиталга ээ кишилердин артыкчылыктарына, бул ресурсту түзүү үчүн мамилечилдикти атайын түзүүгө басым жасашканына токтолот. Путнамдын Социалдык капиталга позитивдүү карашынан айырмаланып Бурдье муундарды тең эмес чыгаруу механизмин көрсөтүү үчүн бул концепцияны пайдаланат. Бурдье ошентип, байлар жана күчтүүлөр өздөрүнүн гана айлана-чөйрөсүнүн, "эски кишилеринин" тармагын же башка Социалдык капиталдын артыкчылыктарын өзү үчүн, өзүнүн социалдык табы жана балдары үчүн сактап калууга колдонушат деп көрсөтөт.

Жеймс Коулман Социалдык капиталды "эки элементти бириктирген көптөгөн нерселер" деп аныктаган: "Алардын баары коомдук түзүлүштүн кээ бир жагынан турушат жана түзүлүштүн ичинде субьекттердин айрым иштерине жардам беришет" - б.а. Социалдык капитал – бул мамилелердин, өз ара жактыруу, ишенүү жана коомдук нормалардын тармактары жараткан жекелик же коллективдик иш-аракеттерди жеңилдеткен нерсе. Коулмандын көз карашы боюнча Социалдык капитал – ар кыл иш-аракетти жеңилдеткен нейтралдуу ресурс, бирок ал коомчулукка пайда алып келеби же жокпу, бардыгы толугу менен жекелик колдонуудан көз каранды болот.

Роберт Путнэмдин сөзүнө ылайык Социалдык капитал "адамдардын ортосундагы байланыштар – коомдук тармактар жана алардан пайда болгон өз ара жактыруу менен ишенимдүүлүктүн нормалары". Путнэм жана анын жолдоочуларынын айткандары боюнча, Социалдык капитал демократияны курганга жана сактап турганга маанилүү компонент болуп эсептелет. Путнам Кошмо Штаттарда Социалдык капитал кыскарып бара жатканын айтат. Бул өкмөткө ишеничтин өтө төмөндөп кетишинен жана жарандык катышуунун өтө төмөнкү деңгээлге түшүп кетишинен көрүнөт. Путнам ошондой эле телекөрсөтүүлөр жана шаарлардын өсүп кетиши Американы "жакшы бириктирбей салды" дейт. Путнам жамаатта же жеке адамдар арасындагы ишенич менен өз ара жактыруунун көлөмүнө карап, Социалдык капиталды да сан жагынан өлчөсө боло турганына ишенет.

Путнам ошондой эле Социалдык капиталдын төмөндөшүнүн негизги себеби болуп аялдардын жумушчу күчү болуп калышы алардын убактысын чектеп, ата-энелердин жана мугалимдердин ассоциациясы сыяктуу уюмдарга жарандык катышуусуна тоскоолдук болуп жатканын көрсөтөт. Дагы Путнам бош убакытты технологиялык өзгөртүү (мисалы, телекөрсөтүү) Социалдык капиталдын төмөндөшүнүн дагы бир себеби болуп калганын белгилейт. Ушул өңүттөн бир нече изилдөөчүлөр Социалдык капиталдын өлчөмүн массалык маалымат каражаттары Социалдык капиталды жаратуу үчүн стратегиялык жактан кантип колдонулуп жаткандыгы боюнча баалашкан.

Нан Линдин Социалдык капитал боюнча концепциясы жекече мамилеге көбүрөөк ыктайт: "Рынокто күтүлгөн кайтарым үчүн коомдук мамилелерге инвестиция жасоо". Ал өзүнө Бурдье, Флап жана Эрикссон өңдүү кээ бирөөлөрдүн концепцияларын камтышы мүмкүн.

Ньютон (1997) Социалдык капиталды субьективдүү көрүнүш деп эсептейт, ал өз ара аракетке таасирин берген баалуулуктар жана мамилелерден калыптанат.

Саясий экономист Фрэнсис Фукуяма "Социалдык капитал, жарандык коом жана өнүгүү" эмгегинде Социалдык капиталды адамдарга кызматташканга жол берген өз ара жактыруучулук же христианчылык өңдүү диний доктринага караганда жалпы кабыл алынган эрежелер деп аныктайт. Ал Социалдык капитал убакыттын өтүшү менен кайталанган иш-аракеттин эсебинен калыптанат жана бул анын өнүгүшү үчүн чоң мааниге ээ жана аны мамлекеттик саясаттын чегинде куруу кыйын дейт. Экономикалык өнүгүү үчүн Социалдык капиталдын маанилүүлүгү –бул жүрүм-турумдун нормалары юридикалык контракттар жана өкмөттүк токтомдор өңдүү алмашуунун транзакциялык кемчиликтерин азайтат. Фукуяма Социалдык капитал өнүгүү үчүн пайдалуу болгону менен ал ошондой эле топко кирбеген мүчөлөргө чыгымдарды кетирип, жалпы жетиштүүлүк үчүн терс кесепеттерин тийгизет деп ойлойт. Алексис де Токвилдин "Америкадагы демократия" деген эмгегине кайрылып, андагы америкалыктардын жарандык коомго шыгын "ассоциация искусствосу" деп атаган жерине таянып, Фукуяма Социалдык капитал жарандык коомду жарата тургандыгын белгилейт. Ошол эле учурда жарандык катышуу демократия менен өнүгүүнүн маанилүү бөлүгү болгонуна карабай, Фукуяма "бир адамдын жарандык жигердүүлүгү башкалардан рентаны (акча өндүрүүнү) издөө" деп жарыялайт. Ошондуктан, Социалдык капитал экономикалык өнүгүүгө транзакциялык чыгымдарды кыскартып, өндүрүштү жогорулатуунун эсебинен чоң салымын кошсо да, эгер жарандык жамаат өзгөчө артыкчылыктарды алганга айрыкча кызыкчылыктарды көрсөтсө, анда демократияны бурмалай алат экен. Бирок Фукуяма коом өтө эле чоң Социалдык капиталга ээ болот деген коркунучка караганда, анын аз болушу жана коомдук жыргалчылыкты уюштурууга, жетиштүүлүктү жогорулатууга аракети жетишпей отурганы андан да жаман дейт.

Нахапиет жана Гошал интеллектуалдык капиталды түзүүдөгү Социалдык капиталдын ролун караштырып жатып, Социалдык капиталды үч кластердин термининде кароо керек дейт: алар түзүлүштүк, мамилелик жана когнитивдик деп бөлүнүшөт. Карлос Гарсия Тимон Социалдык капиталдын структуралык жактары системанын чегинде башкалар менен алсыз жана күчтүү байланыштарды куруу жөндөмүнө байланыштуу деп сүрөттөйт. Бул өлчөм жекелик же коллективдүү тармактын конфигурацияларынан алынган артыкчылыктарга топтолгон. Алсыз жана күчтүү байланыштардын ортосундагы айырмачылыкты Грановеттер түшүндүрүп берет. Мамилелик өлчөм адамдар ортосундагы байланыштын мүнөзүнө басым жасайт. Бул башкалардын бирөөлөргө ишеничи жана кызматташтыгы жана тармактагы инсандын идентификациясы менен мүнөздөлөт. Хэзлтон жана Кеннан буга үчүнчү бурчту – байланышты кошумчалашкан. Коммуникация Социалдык капиталга жетүүгө жана аны маалыматтарды бөлүшүү, көйгөйлөрдү ажыратып, чечимдерди жана чыр-чатактарды териштирүү үчүн колдонууга керек. Бойзот, Боланд жана Тенкасинин айтуусу боюнча мындай тараптардын ортосундагы контекстти бөлүшүү үчүн көбүрөөк коммуникация керек болот. Когнитивдүү өлчөм айрым адамдар же топтор бир-бири менен бөлүшкөн нерсенин жалпы маанисине жана аны түшүнүүгө басым жасайт (кырдаалга жараша).

Бир катар окумуштуулар Социалдык капиталдын так аныктамасы жоктугуна тынчсыздангандарын билдиришкен. Порттор мисалы, бул термин ушунчалык кеңири колдонула баштаганын, анын ичинде негизги массалык маалымат каражаттары да бар экенин белгилешип, андыктан "Социалдык капитал абдан көп окуяларга жана ар кыл көп контексттерде пайданылгандыктан, өзүнүн кандайдыр бир өзгөчө маанисин жогото турган учурга жакындап калды" дешет. Робинсон, Шмид и Силес Социалдык капиталдын ар кыл аныктамаларын изилдеп көрүшүп, алардын көбү аныктаманын формалдык талаптарын канааттандырбайт деген жыйынтыкка келишкен. Алар аныктамалар A = B түрүнө ээ болушу керек деп белгилешет, ал эми Социалдык капиталдын көп аныктамалары ал кантип жаралат жана эмнени өзгөртө аларын гана сүрөттөп беришет. Андан тышкары Социалдык капиталдын сунуш кылынган көптөгөн аныктамалары капиталдын талаптарына жооп бере албайт дешет. Алар Социалдык капиталды "жан тартуу" деп аныкталсын деп сунуш кылышат. Башка бирөөгө жан тартуунун обьектиси Социалдык капиталга ээ. Кимдир бирөө башкаларга жан тартса, анда Социалдык капиталды камсыз кылат. Социалдык капиталдын бар экендигинин эң негизги артыкчылыгы ал ресурстарга артыкчылык шарттарда кирүүгө мүмкүндүк ачат. Алардын жан тартуу жөнүндө аныктамасы Адам Смиттин "Моралдык сезимдердин теориясы" китебинин биринчи главасынын аталышынан алынган.

Тармак концепциясы да жамааттардын Социалдык капиталынын мүнөздөмөсү үчүн пайдаланылса болот (уюмдар же бизнес-кластерлер сыяктуу).

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү