Сочидеги Ту-154 учактын кырсыгы

Калып:Авиакырсык

Сочидеги Ту-154 учактын кырсыгы — 2016 жылы 25-декабрда Орусиянын Сочи шаарынан Сирияга багыт алган Ту-154 учагы, кара деңизде сочи шаарына жакын жерде кырсыкка кабылган, учактын бортунда 92 адам болгон. Учак абага көтөрүлгөн соң 7 мүнөттөн кийин радардан чыгып, жок болуп кеткен.

Анда аскер кызматкерлери жана Сириядагы орус аскерлерин Жаңы жылга карата куттуктоо үчүн бараткан Александров атындагы ансамблдин артисттери болгон. Ошондой эле "Биринчи канал", "Звезда" жана НТВ телеканалдарынан 9 журналист болгон.

Окуянын жүрүшү түзөтүү

Орусиянын Сочи шаарынан Сирияны көздөй бет алган Ту-154 учагы радардан чыгып кеткен. Көп өтпөй учак Кара деңизге кулаган. Аман калгандар болгон эмес.

25-декабрда Орусиянын Сочи шаарынан Сирияга багыт алган Ту-154 учагынын кырсыкка кабылып, Кара деңизге кулап түшүүсү боюнча иликтөөлөр уланууда. Учактын кулап түшүү себептерин терактка байланыштыруу негизсиз. Бул тууралуу Орусиянын Транспорт министрлигинин башчысы Максим Соколов "Интерфакс" басылмасына билдирген.

"Орусиянын башка аймактарындагы аэропорттордо терроризмге каршы чара көрүүнү күчөтүүнүн кажети жок. Кырсыктын жаралышына учактын техникалык абалы же пилоттук курамдын кетирген катачылыктары себеп болушу мүмкүн. Муну атайын иликтей турган комитет аягына чыгарат",

Кырсык болгон жерден табылган сөөктөрдү жүктөп, 26 декабрда 1-учак Москвага алып келген. Ал жакта сөөктөрдү таануу үчүн Орусиянын Коргоо министрлигинин алдындагы Соттук-медициналык эксперттердин бюросу жана соттук-криминалдык эксперттер иш алып барышат.Учурда 11 адамдын сөөгү табылган

Бул арада учактын бортундагы жүргүнчүлөрдүн аты-жөнү боюнча социалдык тармактарда издөө жүргүзүп, LIFE басылмасы алардын бир нечесинин сүрөттөрүн жарыялаган. Сүрөттөрдөн жалаң жаш курактагы муундун өкүлдөрүн көрүүгө болот.