Соң-Көл өрөөнүИчки Теңир-Тоонун борбор бөлүгүндө. Соң-Көл, Молдо-Тоо, Бооралбас кырка тоолорунун ортосунан орун алган. Кеңдик багыт боюнча 50 кмге созулат. Туурасы 25 км. Таманын Соң-Көл көлү ээлейт. Өрөөндүн таманы деңиз деңг. 3000–3400 м бийикте жатат; неогенге чейинки байыркы денудациялык түздүк. Неоген жана төртүнчүлүк мезгилдеринде ийилип, Соңкөл синклиналын пайда кылган. Жарташ жана Акташ сууларынын аралыгы түзөң, саздак; түш.-чыгышы (Соңкөл, Куртка сууларынынаралыгы) чөкмөтектүүтооэтегиндегитүздүк; түшүкбатышытүзөң. Өрөөндүнбатышындапалеогендин жана неогендин чопо, гипс, кумдук, гравелит, чыгышында жаңы пайда болгон чөкмө тектер жатат. Климаты континентик. Жылдык орто температурасы —3,5°С, январдыкы –20°С, июлдуку 11°С. Жылдыкжаан-чачыны 350–400 мм. Суулары: Акташ, Жаманечки, Өзбек, Каракече, Курка, Ташдөбө, Кумбел, Кумдусуу ж. б. Тоолуу шалбаа топурагы, саздактуу шалбаа, бетегелүү талаа, субальп (3000–3400 м бийикте) жана альп (3400–3700 м) шалбаалуу талаа ландшафттары мүнөздүү. Кочкор, Жумгал, Нарын, Акталаа р-нун жайлоосу.

Колдонулган адабияттар: түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, ISBN 9967-14-006-2