"Спектр" (англ. Spectre, орус. 007: Спектр) Eon Productions тарабынан Metro-Goldwyn-Mayer менен Columbia Pictures үчүн тартылган Жеймс Бонд сериясындагы 24-тасма. Тасмада Бонддун ролун төртүнчү жолу Дэниел Крэйг аткарат. Ал эми "Бонд" сериясындагы бул фильм Сэм Мендес Скайфолдон кийин режиссерлук кылган экинчи тасма. Сценарийин Жон Логан, Нил Пёрвиз, Роберт Уэйд жана Жез Баттеруорт жазышкан.

Тасмада Бондго каршы болгон "Спектр" дүйнөлүк кылмыш тобу жана анын башчысы Эрнст Ставро Блофелддин окуясы жана ошондой эле Блофелд Бонддун өгөй агасы болуп чыга келгени тууралуу баяндалат. Бонд Блофелддин дүйнөлүк көзөмөлдөө тармагын ишке киргизишин токтотууга аракет кылып жүрүп Спектрге туш болот жана мындан мурунку үч тасмадагы окуялардын артында Блофелд тураарын билип калат. Уюмдун башчысынын образын Кристоф Валц жаратат. Спектр кылмыш тобу акыркы жолу 1971-жылы "Түбөлүк алмаз таштар" тасмасында экрандаштырылган. Бул топтун 44 жылдан кийин кинолентага алгачкы жолу кайтып келиши болуп саналат. Жеймс Бонддогу айрым M, Q жана Мисс Манипенни сыяктуу образдардын да кайтып келгенине күбө болобуз. Ошондой эле Леа Сейдунун Доктор Мадлин Суонндун ролундагы, Дейв Батистанын Хинкс мырзанын, Эндрю Скотттун Макс Денбинин жана Моника Беллуччинин Люсиа Скиарранын ролундагы жаңы кошумча образдары да киргизилген.

Тасма 2015-жылдын 26-октябрында Улуу Британияда экранга чыккан. Ошол эле түнү Королдук Алберт холлдо дүйнөлүк премьерасы болуп, анын артынан эле дүйнө жүзүндө көрүүчүлөргө сунушталган. IMAX форматында да кмнотеатрларда көрсөтүлгөн. Фильм Америка Кошмо Штаттарында бир аптадан кийин, 6-ноябрда экранга чыгарыла баштаган. Жарык көрөөрү менен тасма сынчылардын оң баасын алган. Актёрдук чеберчилик, көрарманды өзүнө тартып турушу жана окуялардын өнүгүшү боюнча жогору бааланып, Вальц Блофелддин ал эми Батиста Энкстин ролун аткарганы үчүн көпчүлүктүн алкоосуна татыган. Саундтреги менен сценарийи жетишээрлик эмес деп табылган. "Дубалдагы жазуу" саундтреги британиялык ырчы Сэм Смит тарабынан аткарылган. Ал "Эң мыкты ыр" номинациясы боюнча Оскар сыйлыгын жана Алтын глобустун ушундай эле байгесин жеңип алган. "Спектр" дүйнө жүзү боюнча жалпы 880 млн доллар чогултуп, бул сериядагы өзүнөн мурдагы "Скайфолдон" кийинки орундагы ири киреше алып келген тасма болуп калган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү