Сперанский Георгий Несторович
Сперанский Георгий Несторович (7(19). 2. 1873, Москва - 14. 1. 1969, ошол эле жер) - советтик педиатр, СССР ИАнын корр. мүчөсү (1943), СССР МИАнын акад. (1944), Социалисттик Эмгек Баатыры (1957).
- Москва университетинин мед. факультететин бүткөн (1898).
- 1912-ж. Москвада эмчектеги балдар үйүн биринчи ачкан. 1922- жылдан Эне жана баланы коргоо институтуна (азыр СССР МИАнын Педиатрия институту) директор.
- 1931-62-ж. Врачтардын билимин өркүндөтүү борбордук институтунда кафедра башчысы.
- Негизги эмгектери төрөткө чейин жана төрөттөн кийинки профилактикага, ымыркай балдардын физиологиясы жана патологиясы, балдарды тамактандыруу ж. б-га арналган.
- Лениндик сыйл. лауреаты (1970).
- Төрт Ленин ордени, башка ордендер жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.