Спондилитомурткалардын өнөкөт сезгенүүсү.

Пайда болушу түзөтүү

Спондилиттин пайда болушуна көбүнчө кургак учук инфекциясы, кээде котон жара, актиномикоз, стафилококк инфекциясы (остеомиелит) жана башкалар себеп болот. Жашоо шарт, туура эмес тамактануу, оор нерсе көтөрүү да ооруга түрткү болот. Мында омуртка тутумунун түрдүү бөлүгү жабыркайт. кургак учук Спондилити 10 жашка чейинки балдарда көп жолугат. Оору адатта байкалбай, акырындап башталат. Мында омуртканын бузулушунан бара-бара омуртка тутуму деформацияланат.

Оорунун белгилери түзөтүү

Анын мүнөздүү белгиси — бүкүр болуу. Бел омурткаларынын капталына кыйшаюусу көп кездешет. Мында омуртка тутуму жана анын тегерегиндеги булчуң эттери ооруйт, алы кетип, денеси ысыйт, арыктайт. Оору күчөгөндө омуртка тутуму бүкүрөйөт. Көбүнчө омурткалардын тегереги ириңдеп, абцесске айланат, жүлүн жана андан кеткен нервдер кысылып, шал болуу, сезбей калуу ыктымал. Процесс басаңдаганда ооруган жер азаят, оорулуунун жалпы абалы жакшырат.

Ооруну дарылоо түзөтүү

Оорунун диагнозу лабораториялык жана рентген изилдөөнүн негизинде коюлат. Дарылоо ооруканада жүргүзүлүп, бактерияга каршы дарылар, ортопедиялык ыкма колдонулат. Айрым учурда хирургиялык операциялар сунуш кылынат. Убагында врачка кайрылып дарылануудан оору жакшы болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8