Статика - механиканын материалдык нерсеге күч таасир эткенде ал нерсенин тез салмактуу абалын изилдөөчү бөлүмү.

Статика геометриялык жана аналит. болуп айырмаланат.

Статиканын негизги аксиомалары:

  • 1) материалдык нерсеге аракет эткен эки күчтүн тез аракеттенүүчүсү параллелограмм эрежеси боюнча аныкталат;
  • 2) материалдык нерсеге аракеттенүүчү эки күч алардын чондуктары бирдей жана багыттары түз сызык боюнча карама-каршы болгондо гана тез салмактуу абал сакталат;
  • 3) тез аракеттенүүчү күчтөрдү катуу затка аракеттенүүчү системага кошууда же кемитүүдө анын таасири өзгөрбөйт.

Статиканын негизги түшүнүгүнө күч, борборуна жана айлануу огуна карата кучтун моменты, жана кош куч кирет. Күчтүн жана анын моментин кошуу векторлорду кошуу эрежеси аркылуу табылат

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.