Стереохимия - химия илиминин молекулалардын мейкиндикте жайгашуусун изилдөөчү бөлүмү.

Стереохимияны таран кислотасынын изомерлерин изилдөө менен 1-жолу франц. окумуштуу Л. Пастер (1848) негиздеген. 1874-ж. голланд окумуштуусу Я. Вант-Гофф жана франц. окумуштуу Ж. Ле-Бель комуртектин каныккап атому менен байланышкан 4 атом же радикалдар бир тегиздикте жайгапшастан, борборунда көмүртектин атому турган тетраэдрдин бурчтарындагы мейкиндикте жайгашат деп, ар бири өз алдынча Стереохимиянын негизги идеясьш сунуш кылышкан.

Кийинчерээк физ. методдор менен молекулалардын тетраэдрдик модели толук аныкталган. Азыркы кезде Стереохимиянын маанилүү бөлүгү - конформациялык анализ. Ал молекулалардын мейкиндикте жайгашуусун жана стереоизомерияларды изилдейт. Заттардын касиети алардын мейкиндиктеги түзүлүшүнө көз каранды болгондуктан Стереохимия химия, биохимия, хим. технология жана медицинада чон мааниге ээ.

Стереохимия органикалык жана органикалык змее химиянын теориялык проблемаларын чечүүдө жардам берет. Хромосомаларынын санында же түзүлүшүндө айырма бар ата-энелерден пайда болгон аргындарда мейоз бузулгандыктан алар тукумсуз болуп, пайда болгон жыныстык клеткалардан нормалдуу зигота калыптанбайт. Медицинада жана микробиологияда чөйрөдө, организмде микроорганизмдердин же алардын спораларынын жок болушу Стереохимия деп аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.