Стефени Мейер

Стефани Майерс‎»‎ барагынан багытталды)

Стефени Мейер (англ. Stephenie Meyer ; née Morgan; /ˈmaɪ.ər/; 1973-жылы 24-декабрда туулган) - америкалык өспүрүмдөргө арналган фантастикалуу чыгармаларды жазуучу жана продюсер. Ал "Күүгүм" (англ. Twilight) аттуу вампирлер туураллуу романтикалуу чыгарма жазгандыгы менен кеңири таанымал. "Күүгүм" романдары дүйнө жүзү боюнча жакшы кабыл алынып, 100 миллиондон ашуун көчүрмөдө сатылган жана 37 тилге которулган. Мейер Америкада 2008 жана 2009-жылдардын бестселлер автору аталган. Ал 2008-жылы 29 миллион китеп, ал эми 2009-жылы 26.5 миллион китеп саткан. "Күүгүм" 2008-жылы АКШдагы китеп дүкөндөрүндөгү эң көп сатылган китеп болгон.

Стефени Мейер.

Мейер Таймс журналынын "2008-жылдын эң таасирдүү 100 адамы" тизмесинде 49-орунду ээлеген. Ошондой эле Форбс жылдыздар тизмесинде "2009-жылдын эң күчтүү 100 адамы" тизмесинде 26 орунду болгон. Анын жылдык кирешеси 50 миллион доллардан ашкан. 2010-жылы Форбс журналында ал "жыл сайын 40 миллион доллар тапкан күчтүү жылдыз" тизмесинде 59-орунду ээлеген.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Чыгармалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү