Стратостат - стратосферага, б. а. 11000 м-ден ашык бийиктикке көтөрүлүүчү эркин аэростат.

Адам түшө турган Стратостаттын гондоласы жылчыксыз жасалып, жашоону камсыз кылуучу шарт түзүлөт. Стратостаттын аба толтурулган кабыкчасынын толук көлөмү көтөрүлүү бийиктигине жана учуудагы массасына карата 14000ден 105000ге чейин болот. Стратосферанын томонкү катмарына чейин гана көтөрүло турган Стратостат субстратостат деп аталат. Стратостатка орнотулган илимий аппаратура аркылуу аба агымы, космос радиациясы ж. б. изилденет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.