"Стрейт Отто Комптон" (англ. ) - 2015- жылы тартылган америкалык биографиялык тасма, тарткан- Ф.Гери Грей, белгилүү бандалык реп тобунун окуясын баяндайт. N.W.A. тобунун 1988-жылы чыккан туңгуч альбомунун атынан коюлган, топтун мүчөлөрү Изи-И, Айс Куб жана Доктор Дренин жашоосунан алынган. Тасманы жаратууга Айс Куб, Доктор Дре жана Изи-Инин жесири Томика Вудз-Райт катышкан, МС Рен жана Диджей Йелла тасманын консультанты болушкан. Айс Кубдун ролун уулу О'Ши Жэксон жараткан, Кори Хокинс (Доктор Дре), Жейсон Митчел (Изи-И),Пол Жаматти N.W.A. тобунун жетекчиси Жэрри Хеллердин ролунда.

2015-жылы 14-августта жарыкка чыккан, 50 миллиондук чыгымын 200 миллиондук киреше менен жапкан кирешелүү жана ийгиликтүү тасма болуп калган. Эң мыкты сценарий наамы үчүн Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн. Тасма жарык көрөөрү менен бир жуманын ичинде Американын 200 музыкалык чарттардан экинчи орунга чыгышы Доктор Дренин үчүнчү альбомун жаратууга шыктандырган. Тасманын саундтреги N.W.A. тобуна таандык, Реп альбомдор парадында биринчи орунду, Топ R & B жана Хип-Хоп альбомдорунда биринчи орунду багынткан. Жэрри Хеллер тасмага байланыштуу окуянын айрым бөлүктөрү өмүр баянынан алынгандыктан анын уруксатысыз пайдалангандарга доо арыз менен кайрылган.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү