Струве Пётр Бернгардович

Струве Пётр Бернгардович - орус саясий ишмери, экономист, философ, «Легалдуу марксизмдин» башкы өкүлү.

  • Петербург университетинин укук факультететин (1895) бүтүргөн.
  • 90-жылдары «Легальные марксисты», «Новое слово» жана «Начало» журналдарын редакциялаган.
  • 1896-ж. 2-Интернационалдын 4-конгрессине катышкан.
  • РСДРПнин 1-съездинен (1898) кийин РСДРП БКнын мүчөлөру аны «Россия социал-демократ жумушчу партиясынын манифестин» түзүүгө тарткан. Бирок, ал акырында «Манифесттен» баш тартып, революциялык марксизмдин душманы катары, айрыкча пролетариат диктатурасы жана социалисттик революция жөнүндөгү окууга каршы чыккан.
  • 1902-жылдан «Освобождение» журналын редакциялаган, 1903-жылдан «Боштондукка чыгаруу союзунун» жетекчилеринин бири.
  • 1905- жылдан кадеттер партиясынын БК мучосу, 2-Мамлекеттик думанын (1907) депутаты.
  • 1917-жылкы Октябрь революциясына каршы чыккан. Струвенин көз карашын В. И. Ленин катуу сынга алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.