"Сулуу айым" (англ. Pretty Woman, орус. Красотка) - 1990-жылы Гэри Маршал тарткан жана сценарийин Ж.Ф. Лоутон жазган Американын романтикалык комедиясы. Тасмадагы башкы ролдорду Ричард Гир жана Жулия Робертс аткарышкан. Ошондой эле Ральф Беллеми (акыркы аткаруусунда), Лаура Сан Жиакомо жана Жэйсон Александр экинчи пландагы ролдорду аткарышкан. Тасмада акчасыз жүргөн голливуддук сойку Вивиан Вард, бай бизнессмен Эдвард Левистин бир нече бизнес жолугушуусу жана башка иштери үчүн коштоочу катары ишке алынат. Жана бир жума аралыгында алардын мамилелери жакындай түшөт.

Алгач тасманын башкы максаты Лос-Анжелестеги класс жана секс кызматын белгилөө эле. Бирок ал чоң бюджетке ээ болгон романтикалык комедия катары кабыл алынган. Тасма абдан чоң ийгиликке жетишип, 1990-жылдын эң кирешелүү тасмаларынын бири болгон. Тасма Кошмо Штаттарда романтикалык комедия үчүн эң көп билет сатылган тасма болгон. "Mojo" тизмеси боюнча 42,176,400 билет сатып "Менин чоң грек тоюм" тасмасынынын 41,419,500 билетинен бир аз көптүк кылып, 1-орунду ээлеген. Тасма жалпысынан жакшы сын-пикрлерге арзыган жана Робертстин аткаруусуна өзгөчө баа берилген жана ал тасмадагы ролу үчүн "Алтын Глобус" сыйлыгын жеңип, "Оскар" сыйлыгынын "Мыкты актриса" наамына көрсөтүлгөн. Ошондой эле, сценарист Ж.Ф.Лоутон "Жазуучулардын Гилдия Сыйлыгы" жана "BAFTA" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү