Суусун режими — сууну керектөө тартиби. Туз-суу балансын камсыз кылат жана организмдин тиричилик-аракетине ыңгайлуу шарт түзөт. Суусун режими тамактануу режими менен тыгыз байланыштуу. Суусунду туш келди, ашыкча иче берүү тамак-аш сиңирүүнү начарлатат, жүрөк-кан тамыр системасы менен бөйрөккө күч келтирип, бөйрөк жана тери бездери аркылуу организмге керектүү баалуу заттардын көп бөлүнүп чыгышына алып келет. Убактылуу эле сууну көп ичүү да булчуңдардын иштөө шартын бузуп, бат чарчатып-чаалыктырат. Суунун жетишсиздигинен организмдин нормалдуу тиричилик аракети бузулуп, арыктайт, каны коюуланып, температура көтөрүлөт, тамыры тез-тез кагып, дем алуусу кыйындайт, жүрөгү айланып, суусап, жумушка жөндөмдүүлүгү төмөндөйт. Организмдин тиричилик-аракетин калыбында кармап туруучу суунун өлчөмү негизинен адамдын жашына, эмгектенүү активдүүлүгүнө, тамактануу рационуна, климаттык шартка жараша болот. Орто Азиянын климаттык шартында кара жумушту аз жасагандар 3,5 л, орто жумушта иштегендер 5 лге чейин, ачык жерде оор кара жумуш иштегендер суткасына 6,5 лге чейин суу талап кылат. Айрыкча ысык климатта жашаган, ысык цехтерде иштеген, күч эмгегинде узак жана көп иштегендер (спорттук машыгуулар, мелдештер жана башкалар) суусун режимин туура сактоосу маанилүү. Ысык климаттуу райондордо жашагандарга тамак ичкенден кийин гана суусунун кандырып, тамактануунун аралыгында суусун ичүүнү чектөө сунуш кылынат. Тамактанууну күндүн салкын убагына калтыруу жана өзгөчө тамак (витаминдерге, минерал заттарга бай) рационун кошуу керек. Чай, айрыкча көк чай, жашылча, мөмө ширелери суусунду кандырат. Ысык цехте иштегендер газдалган суу же кургатылган мөмөлөрдүн кайнатмасын ичүү керек. Спортсмен машыгуу бүткөндөн кийин гана суусунун кандырууга (көнүгүүлөрдү аткарып жатканда оозу кургаса, суу менен оозун, тамагын чайкайт) тийиш. Күч эмгегинен арыктаса (машыгуудан, спорттук мелдештен, буу мончого түшкөндөн кийин жана башкалар) суусунду аз-аздан ичүү сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8