Суутек өтө кычкылы — антисептикалык каражаттардын бири. Ал ткандардагы каталаза ферментинин таасиринен ажырайт да, молекулалык кычкылтек бөлүнүп, ал ткандарга тийгенде көбүрөт. Көбүк менен бирге жарааттын тегерегиндеги кан, ириң жана башкалар бөтөн нерселер чыгып, жараат тазаланат. Ал ангина, стоматитте оозду чайкоого, ириңдүү жарааттарды тазалап дарылоо, мурун канаганда кан токтотуу үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8