Суу, суутек оксиди Н2О — суутек менен кычкылтек эң жөнөкөй туруктуу бирикмеси; мол. масс. 18,0160, кадимки шартта жыты, даамы жана түсү жок суюктук. Эрүү t 0°С, кайноо t 100°С, муз тыгызд. 0,9168 г/см3 (0°С), суунуку 0,99987 г/см3 (0°С), эң жогорку тыгызд. 1 г/см3. Суунун 36 изотоптук түрү бар. Алардын ичинен курамында дейтерий бар оор суу Д2О кеңири белгилүү. Суунун курамы 88,8% кычкылтек, 11,2% суутек тураарын 1783-ж. А. Лавуазье, ал эми анын сандык курамын 1785-ж. А. Лавуазье менен Ж. Мёнье аныктаган. Суу айрым физика-химиялык касиети боюнча башка суюктуктан айырмаланып, тоңгондо тыгыздыгы төмөндөп, көлөмү кеңейет, эригенде тарыйт. Мындай өзгөчөлүк суу мол-сы түзүлүшүнө жана мол. аралык өз ара аракеттенишүүсүнө байланыштуу. Суу табиятта эң кеңири таралган. Ал гидросфераны түзөт, минералдар, тоо тектери, топурак, аба курамында, өсүмдүктөр жана жаныбарлар организминде алардын массасы 5О- 99% чейинки үлүшүн ээлейт. Суу жандуу жана жансыз жаратылыш ар түрдүү кубулуштарында жана адамдар сууну пайдалануусунда бардык бирикмелер ичинен өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан суунун касиеттери толук изилденген. Жакшы эриткич. Газдар (NH3, СО2,SО2 жана башка) суу менен химимялык  реакцияга кирип, жакшы эрийт. Алар начар электролит. Заттар сууда эриши гидратташуу жана гидролизге учурашы менен кошо жүрөт. Сууда көпчүлүк туздар, к-талар, щелочтор эрийт жана эритмеси — электролит, органикалык  заттар кант, спирт жана башка жакшы эришет. Суу химимялык  жактан туруктуу. Молекуласы 1500°С жогорку температурада гана ажырайт. Кычкылтек атому сууну окистентет, Н 2О + О ® Н2О2 пайда болот. Щелочтуу жана щелочтуу жер металлдары менен реакцияга кирет. Азот жана суутек менен реакцияга кирбейт. Жогорку температурада көмүртек менен реакцияга кирип, суу газын пайда кылат: С + Н2О = СО + Н2. Суу көпчүлүк негиздик жана к-талык оксиддер менен кошулуп, тиешелүү негизди жана к-таны пайда кылат. Ө. ж-нда суунун чексиз углеводород менен болгон реакциясы спирт, альдегид, кетонду алуунун негизи болуп эсептелет. Техникада энергиянын булагы, жылуулук ташыгыч, жана башка кеңири колдонулат. Тирүү организм үчүн суунун мааниси зор. Анткени андагы бардык физиологиялык процесстер суунун катышуусунда жүрөт. Фотосинтез процессинде суу СО2 менен бирге органикалык  затты пайда кылууга катышат. Ткандарда зат алмашуу процессин камсыз кылат. Адам баласы тамак-ашсыз 1 айдан ашуун жашай алса, суусуз бир нече күн гана жашайт. Калк пайдаланган суу эпидемиологиялык жактан таза, зыянсыз болууга тийиш.

Ад.: Некрасов Б. В., Основы общей химии, Т1. М., 1965; История природных вод, Ибр. Соч., т.4. М., 1960.

Дагы кара түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү