"Сыя жүрөк" (нем. Tintenherz; англ. Inkheart) үчилтиги — германиялык жазуучу Корнелия Функенин "Сыя жүрөк" (англ. Inkheart, 2003), "Сыя муун" (англ. Inkspell, 2005-жыл), ошондой эле "Сыя өлүм" (англ. Inkdeath, 2008) китептеринен турган үч фэнтези романдар цикли. Китептер өспүрүм кыз Мегги Фолхарттын окуяларын баяндайт. Ал китеп жасаган атасы Мо экөөнүн китептеги каармандарды чыныгы жашоого алып келе ала турган өзгөчө жөндөмдөрү бар экенин байкап калгандан кийин жашоосу укмуштай өзгөрүүгө учурайт. Негизинен Түндүк Италия менен "Сыя жүрөк" китеби ойлоп чыгарган параллелдик дүйнөдөгү окуяларды чагылдырган чыгарманын башкы аңгемеси китептердин сыйкырына, алардын каармандары менен жандыктарына, ошондой эле окуу чеберчилигине басым жасайт.

Корнелия Функе (2008).

Алгач немис тилдүү Европа өлкөлөрүндө жарык көргөн чыгарманын үчүнчү китеби, "Сыя өлүм" Антеа Белл тарабынан 2008-жылдын октябрында англис тилине которулган. 2004-жылы Функе үч китептен тең тасма тартуу укуктарын New Line Cinema компаниясына саткан. Азырынча биринчи китептин тасмасы тартылып, 2008-жылдын декабрында көрүүчүлөргө сунушталган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү