Сүйүмбаев Мамбет (1875, азыркы Ысык-Көл району, Орто-Өрүктү айылы — 1933, азыркы Ананьев айылы, Ысык-Көл району) — Ысык-Көл өрөөнүнде Кеңеш бийлигин орнотууга жана чыңдоого активдүү катышуучу.

1926-жылдан КПСС мүчөсү. Батрактын үй-бүлөсүнөн. Төрт жашында атасын манаптар өлтүрүп жетим калган. Орус кулактарына жалданып иштеген.
Караколдук сүткор-көпөстүн элди алдап, зулумдук кылганына каршы чыккан. Акыры, зордук-зомбулугу ашынган аны өлтүрүп, полицияга өзү келген. Адегенде өлүм жазасына тартылып, бирок келгин орустардын аркасында ал жаза 10 жыл катуу режимдеги каторгалык иш менен алмаштырылып, Сибирге айдалган (1907). Ал жердеги түрмөдө жашыруун уюмга кирип, революциялык иштерге аралашкан.
Биринчи дүйнөлүк согуштүн башталышында аскерге алынып, согушка жөнөтүлгөн. 1916-ж. немецтерге туткунга түшүп калат, ошол эле жылы ноябрда андан качып чыгып, бирок падышалык аскерге кызмат кылууну каалабай Румыния аркылуу Одессага келген. Ал жерде «шектүү» адам катары камакка алынган.
Сүйүмбаев Октябрь революциясы учурунда азаттыкка чыгып, дароо Кызыл Гвардия отрядына кошулун, Түштүк Украинада Кеңеш бийлигин орнотууга активдүү катыша баштайт. Көп узабай Түркстанга (адегенде Ташкенге) кайтып келет да, ал жерде Кеңеш бийлигин орнотууга активдүү катышат.
1917-жылдын аягында Кеңеш өкмөтүнүн атайын тапшырмасы менен Ысык-Көлгө келип, Каракол уезддик аскер комиссариатына жооптуу ишке алынган.
1918-ж. Каракол ревкомунун мүчөсү; Үркүндө Кытайга качкан кыргыздарды көчүрүп келүү боюнча уезддик комиссиянын жетекчилеринин бири болгон. Качкындарга тамак-аш уюштурууга жана аларды жайгаштырууга көп күч жумшаган.
1918-ж. ноябрда Жети-Суу полку түзүлүп, анын чалгындоочу атчандар тобуна командир болуп дайындалган. Түп козголоңу учурунда Каракол шаарын коргоодо, Нарын козголоңунда Аненковдун айрым отряддарын талкалоодо өзгөчө каармандык көрсөтүп, анын атагы чыккан.
1920-ж. Ысык-Көл өрөөнүндөгү кызыл аскерлердин ичинен биринчилерден болуп өз аты жазылган кылыч жана маузер менен сыйланган.
1922-жылдан партиялык, Советтик кызматтарда. Күрмөнтү болуштук аткомунун төрагасы, Каракол токой чарбасында жетекчи кызматта, 1929-жылдан Каракол райондук аткомунун, 1929-жылдан Ысык-Көл райондук аткомунун төрагасы болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.