Сөз тизме

1. энциклопедиялык адабияттарда зарыл жеринде кыскача аннотациясы бар макаланын басма белги менен көлөмү көрсөтүлгөн термин, макала наамдарынын алфавиттик толук (же томдордун бөлүштүрүлүшү боюнча иреттелген) тизмеси; энциклопедиянын идеялык-илимий багытын, түзүлүшүн, профилин чагылдырган өз алдынча проспектиси (мазмуну). Сөз тизмени түзүүдө терминдер тандалып алынат, илим тармактарынын, илимий дисциплиналардын, жеке макалалардын көлөмү, иллюстрация жөнүндөгү маалымат аныкталат;

2. Лингвистикалык сөздүктөрдө берилүүчү же которулчу сөздүк бирдиктердин (сөздөрдүн, фразеологизмдердин ж. б.) тизмеси.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9