Cөңкөл өрөөнү - Ички Тянь-Шандын борбордук бөлүгүндөгү бийик көтөрүлгөн, Сөңкөл тоо, Молдо-Тоо, Бооралбас тоо кыркалары менен курчалган, борборун карай бир аз эңкейиштиги бар ойдуң. Ойдуңда суунун бети 3016 м, орточо тереңдиги 9м көл орун алган. Өрөөн кеңдик боюнча 50кмге созулат. Туурасы 25 км. Келип чыгышы боюнча байыркы денудациялык түздүктөрдүн бир үзүмү. Климаты континенталдык, январдын орточо температурасы -20С, июлдуку +11С. Жылдык жаан-чачын 350-400мм, Көлгө майда суулар куят, көлдөн Кажырты суусу агып чыгат. Тоолуу шалбаа топурагынын үстүнө субальпы жана альпы өсүмдүктөрү өсөт. Эң ыңгайлуу жайлоо.