Табидзе Галактион Васильевич

Табидзе Галактион Васильевич [6 (18). 11. 1892, Кутаисиге жакын, Чквииси кыштагы – 17. 3. 1959, Тбилиси] – грузин совет акыны, Грузин ССР эл акыны (1933), Грузин ССР Илимдер академиясынын академиги (1944). Алгачкы ыр жыйнагы 1914-жылы жарык көргөн. 1928-жылы Грузиядагы революциячыл кайра курууларды чагылдырган «Рион-порт» поэмасын жараткан. Ошондой эле «Жон Рид» (1924), «Доор» (1930), «Революциячыл Грузия» (1931) деген поэмалары бар. Анын «Ата Мекен», «Тбилиси түнү» деген ырлары – жаңычыл лириканын мыкты үлгүлөрүнөн. Табидзе чыгармаларында улуттук адабият салттарын көп пайдаланып, поэтикалык формаларды өркүндөткөн. Чыгармалары дүйнө элдеринин көп тилдерине которулган. Ленин жана Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү