Табият кырсыктары, жаратылыш кырсыктары адамзатты кырсыкка жана материалдык бүлгүнгө учуратуучу, ошондой эле чыгымдарга алып келүүчү табигый кубулуштар жана процесстер. Алар бири-бирине көз каранды эмес жана бири-бири менен байланышкан түрдө да пайда болушу ыктымал. Табият кырсыктарынын пайда болуу булагы, масштабы жана өтүү узактыгы түрдүүчө болот. Бир нече секунд-минутадан (жер титирөө, кар көчкү, лимнологиялык апааттар) бир нече саат (сел), күн (жер көчкү), айларга (суу каптоо) чейин coзулушу ыктымал. Айрым кырсыктар көпчүлүк антропогендик учурда иш-чаралардын негизинде пайда болот. Мисалы, токой жана чым көң өртү, тогоон (плотина) курууда, карьер казууда тоолуу аймактагы өндүрүш жардырууларынын кесепетинен көчкүнүн (кар көчкүнүн) ж. б. табият кырсыктарынын пайда болушу эсептелинет. Пайда болуу шарты боюнча табигый кырсыктар төмөнкүчө бөлүнөт: геологиялык – жер титирөө, жанар тоо атылуусу, сел, көчкү (жер көчкү, кар көчкү) ж. б.; гидрологиялык – суу каптоо, цунами, лимнологиялык апааттар; өрттөр – токой өртү, чым көң өртү; метеорологиялык – торнадо (өтө чоң ылдамдыктагы куюн), циклон, бурганак, мөндур, кургакчылык ж. б. болуп бөлүнөт. Ошондой эле болгон жери (кургактыкта, сууда ж. б.) боюнча да айырмаланат. Мисалы., суу акваторияларында кургакчылык, өрт, суу каптоо ж. б., ал эми кургактыкта (жээк тилкеден тышкары) сууда болуучу цунами ж. б. табият кырсыктары дээрлик катталбайт. Адамзат коому илгертен эле табият кырсыктарынан, айрыкча жер титирөөдөн (Чили – 9,5 балл, 1960; Инди океаны – 9,3, 2004; Аляска – 9,2, 1964; Камчатка – 9,0, 1952; Армения – 7,2, 1988 ж. б.), жанар тоо атылуусунан (Исландия, Йемен, Чили ж. б.), цунамиден (Камчатка, 1952; Түштүк Чыгыш Азия, 2004; Япония, 2011 ж. б.), торнадодон (Түндүк Америка), циклондон (Катрина, 2005; Вилма, 2005; Айк, 2008) ж. б. кырсыктан жапа чегип келүүдө. Акыркы 20 жыл ичинде эле табият кырсыктарынын 1,3 млнго жакын адам курман болуп, 4,4 млрд адам кандайдыр бир деңгээлде жаракат алып, экономикалык жактан 2 триллион доллар чыгымга алып келген. Кыргызстандын аймагында жер титирөө (1992-жылы Суусамыр ж. б.), сел (Сузак ж. б.), суу каптоо, кар көчкү, жер көчкү, мөндүр, нөшөр жаан ж. б. табият кырсыктары болуп, адамдарга, эл чарбасына олуттуу кесепетин тийгизүүдө. Кыргыздар мындай кырсыктарды «алаамат», «апаат» деп да коюшат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү