Табият таануу факультети

Табият таануу жана педагогика факультети



Мырзабекова Укен Жаныбердиевна

декан,биология илимдеринин кандидаты 

• Педагогика кафедрасы • Математика кафедрасы • Биология жана география кафедрасы • Химия кафедрасы • Коомдук илимдер кафедрасы • Информатика кафедрасы


Табият таануу жана педагогика факультети ТалМУнун алдында 2006-жылдын 1-сентябрындагы №68/6 буйругунун негизинде түзүлгөн. Студенттерди кабыл алуу биринчи жолу 1997жылы жүргүзүлгөн, биринчи бүтүрүүчүлөр биология адистигинен 2001-жылы болгон.

Билим берүүчүлүк ишмердүүлүгү Табият таануу жана педагогика факультети 6 кафедра менен иш жүргүзөт.

Кафедралар  (биология жана география, химия кафедрасы, коомдук илимдер кафедрасы, педагогика, математика, информатика) төмөнкү адистиктерди даярдайт: 

1. Биология мугалими 2. Химия мугалими 3. География мугалими 4. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу. Менеджмент. 5. Башталгыч класстын мугалими 6. Математика мугалими 7. Информатика мугалими 8. Экология адистиги 9. Андан тышкары 2006-жылы «Айыл чарба бакалавры» адистиги ачылып, ошол

    жылдан баштап  абитуриенттерди  кабыл алуусу ж\рг\з\л\\дъ.

Профессордук окутуучулар курамы Факультетте жогорку квалификациялуу илимий – педагогикалык кадрлар эмгектенишет. Биология жана география кафедрасында 3 илимдин кандитаты, химия кафедрасында 2 илимдин кандитаты, коомдук илимдер кафедрасында 3 илимдин кандитаты, Педагогика кафедрасында 3 илимдин кандитаты, Математика кафедрасында 3 илимдин кандитаты, Информатика кафедрасында 1 илимдин кандитаты. Андан тышкары аспиран-изденүүчүлөр жана магистранттар илимий иштеринин үстүндө активдүү иш алып барышат.

Факультеттин студенттери Тиешелүү адистиктерге абитуриенттерди конкурстун негизинде тандоо жогорку деңгээлдеги билимдүү студенттерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Факультеттин студенттери ЖОЖдор арасындагы жана универсттетин ичиндеги олимпиадаларга конференцияларга активдүү катышуу менен байгелүү орундарды ээлеп келишет.

Факультеттин илимий иштери Факультеттин илимий кызматкерлери ар тармактуу илимий иштерди жүргүзүп келишет. Илимий кызматкерлер республикалык, эл аралык жана жыл сайын салт болуп калган ТалМУнун илимий конференциясына активдүү катышып турушат. Андан тышкары, факультеттин илим күнү белгиленип мыкты деген илимий эмгектер окулуп турат. Эл аралык байланыштар Эл аралык байланыштар боюнча иштер жолго коюлган. Университеттин билим берүү жаатындагы эл аралык кызматташуу ишмердиги тышкы байланыштар бөлүмү тарабынан координацияланат. Учурда аталган бөлум алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлары жана илимий мекемелер менен түз байланыш системасын түзүүнүн үстүндө иш алып барышууда. Табият таануу жана педагогика факультетинде бүгүнкү күндө тышкы байланыштар бөлүмү аркылуу Сорос Фонду, ДААД, ТЕМПУС, ЛОГО, НАБУ ж.б. эл аралык уюмдар менен кызматташтыкта иш алып барууда. Ошондой эле Германиянын элчиликтери жана ВУЗдары тарабынан уюшулган тренинг, семинар, конференцияларга факультеттин окутуучулары жана студенттери катышып, эки тараптуу кызматташтык туруктуу мүнөзгө өткөндүгүн белгилөөгө болот.






Факультеттин кабинеттери жана лабораториялары

Табият таануу жана педагогика факультети бардык багыттар боюнча компьютердик технологиялар жана приборлор менен жабдылган заманбап лабораториялык базага ээ. Биология кафедрасында - 2 окуу лабораториясы, химия кафедрасында - 4 окуу лабораториясы, коомдук илимдер кафедрасында - 4 окуу лабораториясы, педагогика кафедрасында – 1 методикалык кабинет, математика кафедрасында – 1 ресурстук борбор, информатика кафедрасында – 3 компьютердик класстар орун алган.

Факультеттин жогорку окуу жайлар менен кызматташтыгы Факультеттин кафедралары борбордук, регионалдык жана чет элдик ЖОЖдор менен билим берүү жана илимий багыттар боюнча тыгыз байланыштарды жүргүзүп келет.

Факультеттин тарбиялык иштери

3-декабрь "Бүткүл дүйнөлүк майыптардын күнүнө" карата Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга факультеттин студенттери, бул адамдарды мамлекеттик деңгээлде колдоп жана коргоп алалы деген ураанда иш-чараларды уюштурушту. Алсак, табият таануу жана педагогика факультетиндеги студенттердин жана окутуучулардын өз каражаттарынан топтолгон азык – түлүк, спорт товарлар, канцелярдык товарлар, кийим – кече жана тазалоочу каражаттар мүмкүнчүлүгү чектелген “Теңир - Колдо” балдар бакчасына жардам катарында факультеттин деканы У.Ж. Мырзабекованын жетекчилиги менен тапшырылды.






















«Педагогика» кафедрасы

Кафедра башчысы- педагогика илимдеринин кандитаты, доцент

Айнура Жакшымбековна Ажибаева 
Педагогика кафедрасынын негизги багыты болуп табият тануу жана педагогика факультетинде  илим жана билим берүү чөйрөсүндө  кийинки багыттагы кадрларды даярдоодо иш алып баруу.   

• Профессионалдык багытта жогорку профессионалдуу кадрлардын талантын жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү; • Билим берүү ишмердүүлүгүндө илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий-методикалык жана окуу методикалык каражаттарды камсыз кылуу; • Билим берүүнүн негизинде методикалык жана окуу методикалык иштелмелерди даярдоо • Жогорку жана орто окуу жайлардын мугалимдерин күндүзгү, сырттан жана аралыктан окутуу формасында даярдоо • Билим берүүнү башкаруу чөйрөсүндө магистрларды даярдоо; күндүзгү жана сырттан окутуу формасында жогорку окуу жайдан кийинки педагог адистерди, аспиранттарды жана докторанттарды андан тышкары изденүүчулөрдү даярдоо • Атуулдарга кошумча профессионалдык билим, педагогика чөйрөсүндө квалификациясын көтөрүү жана кадрларды кайра даярдоо ; жогорку окуу жайга чейинкилерге, студент жана аспиранттарга психолого-педагогикалык дицсиплинанын программасын комплекстүү жайылтуу

        Бюджеттеги студенттер Талас мамлекеттик университетинде акысыз билим ала алышат.Окууну бүткөндө мамлекеттик үлгүдөгү педагогика жана башталгыч билим берүү адистиги, “ Башталгыч класстын мугалими” квалификациясы ыйгарылат. 
         Кафедра 1996-жылы уюшулган. Кафедра алдына  коюлган спецификасын анын структурасын жана окутуунун өзгөчөлүгүн  максаттары катары аныктаган. Студенттер  өз алдынча  бир канча кошумча психолого – педагогикалык жана жалпы билим берүүчү курстарды тандоого мүмкүнчүлүгү бар. Ушундай ийкемдүү структурада бир гана дисциплинаны билүү гана эмес  жалпы билим деңгээли жогорулайт, натыйжада  эмгек базарында конкретүү жөндөмдүүлүктөрү жогору болот.

           Педагогикалык шартта окуучулардын  нравалык жана дүйнөлүк көз караштарын калыптандыруу; 

Окуу ишмердүүлүгүнүн законченемдүүлүктөрүн структурасын үйрөнүү; Педагогиканын теориялык негиздери окуу ишмердүүлүгүнүн формасынын жана каражаттарынын базасында мазмунду, методдорду, максаттарды иштеп чыгуу Билим берүү багытынын бардык деңгээлин камтыган фундаменталдуу изилдөө иштеринин натыйжасынын негизинде окутуунун ар кандай программаларын иштеп чыгуу. Кафедрада 3 педагогика илимдеринин кандитаты жаштарга насаат айтуу менен эмгектенет.

Калган окутуучулар дагы илимий иштерине активдүү киришип диссертацияларын жактаганга даярданууда


Кафедра башчысы- педагогика илимдеринин кандитаты, доцент

Айнура Жакшымбековна Ажибаева

Кыдыралиев Курманбек Кыдыралиевич,; педагогика илимдеринин кандитаты, доцент, профессор Кудабаева Гулира Байдылдаевна, философия илиминин кандидаты, доцент; Умарбекова Анара Анарбаевна, ага окутуучу Конгайтиева Зуура Амановна, ага окутуучу Сейдакматова Акылай Эсенбековна, окутуучу Сыдыгалиева Самара Оморкуловна, окутуучу Нукешов Султан Токтоназарович, ага окутуучу; Кумашова Аида Анаркуловна, окутуучу; Батыркулова Айгерим Соотбековна, окутуучу; Бейшенова Махабат Шукурбековна, окутуучу. Кафедра башчысы- педагогика илимдеринин кандитаты, доцент

Айнура Жакшымбековна Ажибаева

Кафедра базасында психолого – педагогикалык жана предметтик методикалык дициплиналарды камсыздайт. Андан тышкары • Күндүзгу жана сырттан окуу бөлүмүндө (келечектеги дипломдуу адистерди) кошумча адистикке «Мектепке чейинки педагогика» “Социалдык педагог” • «Жалпы педагогика» адистигине аспиранттарды жана докторанттарды даярдайт.


Педагогика кафедрасынын студенттери практика учурунда


Кафедра 41 предметти камсыз кылат Окутууну уюштуруу процессинде төмөнкүлөрдүн негизинде иш алып барат • билим берүүнүн мамлеттик стандарты • окуу планы, • типтүү программа • УМКалар • Педагогика жана башталгыч билим берүү адистиги үчүн силлабустар, • тесттер, окуу методикалык көрсөтмөлөр

     Окуу  жылынын башында кафедрада  окутуучулардын жумушчу жана жеке иш пландары ТалМУнун окуу бөлүмү боюнча проректору, факультеттин деканы жана кафедра башчысы тарабынан такталып бекитилип иш алып барылат. 


МАТЕМАТИКА КАФЕДРАСЫ 540200 МАТЕМАТИКА АДИСТИГИ

Квалификациясы:      математик-мугалим.
Окуу мөөнөтү:           күндүзгү формада 4 жыл     (бакалавр).
  Математика кафедрасынын профессордук – окутуучулар  жааматынын курамы: 9, анын ичинен  п.и.к., доцент – 3,  ага окутуучу – 2, окутуучу –4. 
Кафедра башчысы: Раева М.Т. –  педагогика  илимдеринин   кандидаты, доцент.
          Математика адистиги  толук жогорку билимдин дипломуна ээ болгон математик мугалим адистерин  даярдайт. Математика адистигин аяктагандар ар кандай тармактарда иштөөгө жөндөмдүү жана төмөнкү кесиптик ишмердүүлүккө даяр болушат: педагогика, илимий-методикалык, социалдык-педагогикалык, тарбиячылык, маданий тармакка, социалдык-башкаруу тармагында.

Математика адистигинин бүтүрүүчүлөрү өз билимдерин төмөнкү багыттар боюнча аспирантура жана магистратурада уланта алышат: математика, механика, педагогика, психология, философия, тарых жана техника, экономика жана бухгалтердик эсеп адистиктери.

Математика-адистигинин негизги максаты: • Коомдун жана инсандык маданий агартуу таламдарын жана ар кандай деңгээлдеги жогорку билим, илим алуу талаптарын канаатандырат жана кафедранын багыты боюнча илимий педагогикалык кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын көтөрүү максатында иш жүргүзөт. • Студенттердин инсандык чыгармачылык потенциалын, мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү максатында окутуунун технологиясын өркүндөтөт.

  	Кафедра аспиранттарды, изденүүчүлөрдү жана келечектеги илимдин кандидаттарын даярдоо   максатында иш алып барууда. 	Математика кафедрасы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университтети, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университтетити, Кыргыз Илимдер Академиясы, Ош мамлекеттик университети менен тыгыз байланышта болуу менен  илимий  багыттагы иштерди  жүргүзүүдө.


Математика кафедрасынын студенттери Талас шаарындагы №6 мектебинде практика учурунда


МАТЕМАТИКА КАФЕДРАСЫНЫН СТУДЕНТТЕРИ ИЛИМИЙ ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ УЧУРУНДА





Информатика кафедрасы «Информатика жана аны окутуунун методикасы» кафедрасы 2000-ж ачылган. Кафедрада 6 окутуучу, 1 инженер-программист, 4 оператор эмгектенет. Окутуучулардын ичинен 2 аспирант, 4 изденүүчү илимий иштерин жүргүзүүдө. Кафедра 540203 адистиги профессионалдык жогорку билими бар дипломдуу адистерди даярдайт. Информатика адистигин аяктаган студенттер ар кандай тармактарда иштөөгө жөндөмдүү: ТалМУда, область боюнча жалпы билим берүүчү мектептерде, лицейлерде колледжде жана институтта эмгектенишет. Ошондой эле, Улуттук телерадио компаниясында жанак компьютердик центрлерде НПОлордо, финансалык компанияларда эмгектенишет. Студенттердин сабактары аудиторияда жана акыркы моделдеги компьютердик техникалар менен жабдылган 6 лабароториялык кабинете өтөт. Компьютердик класстар локалдык байланышка жана Интернетке туташылган. Лекция убагында мультимедиялык проекторлор, ноутбуктар колдонулат. БатырбековДогдурбекАтаярович-кафедра башчысы.








Студенттердинмаданий-илимий иштери. Таластагы окуу жайларынын жана Университетте факультет аралык тематикалык кечелер, илимий конференциялар, олимпиадалар өткөрүлүп турат. Кафедранын студенттери ар жылы студенттик илимий – практикалык конференцияларына активдүү катышууда жана байгелүү орундарга ээ болууда.

Спорт иштери

   Ар кандай даталуу күндөргө карата спорттун түрдүү тармактары боюнча факультет аралык таймаш өткөрүлүп турат. Информатика адистигинин жааматы активтүүлүктөрүн көрсөтүп баалуу сыйлыктарга ээ болууда.

«Химия» кафедрасы Химия кафедрасы Талас мамлекеттик университетинин негизги окуу бөлүмү болуп эсептелет. «Химия» кафедрасы 2002-жылы 28-июнда ачылган. Химия кафедрасы студенттерди 2 окуу план менен жогорку квалификациялуу адистикке даярдайт:

   5 курстарды 2002-жылдын 540101 «Химия жана адамдын жашоосунун коопсуздугу» адистиги боюнча. «Химия мугалими»;
         1-4 курстарды 2012-жылдан баштап бакалавр системасына өткөндүгүнө байланыштуу «Химия»   
         550300 деген  профилдик даярдоо; (2012-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим  
         берүү министрлиги тарабынан бекитилген).

1. Кафедранын иш-аракетинин максаты төмөндөгүлөрдү канааттандыруу болуп саналат: Коомдун жана инсандын маданий-агартуу таллаптарын камсыз кылуу. 2. Кафедранын эң башкы милдети: - Профессордук-окутуучулар курамынын окуу-усулдук ишмердигин өркүндөтүү (заманбап талапка ылайык); - Студенттердин инсандык чыгармачыл потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү максатында окутуунун технологиясында өркүндөтүү; - Студенттердин жекече билим алуу проекториясын калыптандыруу; - Студенттер арасында тарбия иштерин жүргүзүү; - Химияны окутуунун окуу программасынын максаты жана милдеттери. - Химия предметинин мазмуну, жалпы билим берүү программасы тарабынан ишке ашырылат: - Негизги жалпы билим берүү программасы; - - Кошумча билим берүү программалары (профилдик, тереңдетип окутуу, автордук, эксперименталдык ж.б.)

Негизги жалпы билим берүү программасы Химия предмети боюнча мамлекеттик билим берүү стандартынын    негизинде иштеп чыгат. Негизги жалпы билим берүү  программасы Кыргыз Республикасындагы окутуу кыргыз,  орус, ж.б. тилдерде жүргүзүлгөн ЖОЖдун бардыгына милдеттүү түрдө киргизилет.

Химия курсу боюнча кошумча жалпы билим берүү программасы мамлекеттик стандарттын чегинен тышкары мазмундук билим берүүнү ишке ашырат. Кошумча жалпы билим берүү программасына профилдик жалпы билим берүү программасы да кирет.

 Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өздөрү иштеп чыккан жогоруда аталган министрликтин талаптарына жооп берген автордук программасын колдонсо болот. Окутуучу өзү иштеген окуу жайдын жана окуткан адистигинин муктаждыктарын канааттандырган программаны тандап алууга укуктуу.

Химия кафедрасы 31 предметти тейлеп келүүдө. Ар бир предметтин окуу программасы бар. Кафедранын окутуп жаткан предметтери мамлекеттик билим берүү стандартына дал келет.