Тайгаккөпүрө, Семенов көпүрөсү-Чүй дарыясынын ортоңку агымынагы бекем инженердик курулуш (жыгач көпүрө). Тайгактын аймагнда Чоң Кемин суусунун чатынан бир аз төмөн. Көпүрө Чүй дарыясынын Боом капчыгайынан чыга беришинде палеозойдун гнейстен турган өтө кууш, терең, эки жагы тең бийик, жалама жардуу жерине курулган. Көпүрөнүн долбоорун1870-жылы 12-Түркстан батальонунун капитаны Семякин түзгөн. Курулушка керектүү карагайлар Кичи Кемин капчыгайынан ташылыпкелген. Көпүрөнү Түркстан сапер ротасы куруп, 1870-жылы декабрь айында эксплауатацияга берилген. Ал адегенде Тайгакташ көпүрөсү деп аталган. Кийин Жетисуу облусунун губернатору Г.А.Колпаковскийдин сунушу боюнча ага саякатчы П.П.Семеновдун ысымы ыйгарылган. Ошого карабастан көпүрө эл арасында “Тайгаккөпүрө”деген ат менен белгилүү эле. Бир нече жолу кайра курулса да транспорт катнаштарынын өсүшүнө байланыштуу азыркы талапка жооп бере албай калды. Чүй дарыясына Тайгаккөпүрөдөн бир аз жогорураак темир-бетондон жаңы чоң көпүрө курулуп, эскиси алынып салынган.