Тайюань – Кытайдагы шаар, Шаньси провинциясынын административдик борбору. Фыньхэ дарыясынын (Хуанхэнин алабы) боюнда. Калкы 3,0 млн (2011). Кара металлургия, оор (темир жолунун кыймылдуу курамы, аскердик машиналары) машина куруу (кара металлургия жана тоо-кен өнөр жай үчүн жабдуу), химиялык, жеңил, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Эски паркта – Цзиньцы храмы (6-кылым; 17-кылымда 300дөн ашуун храм, павильон, салтанат бөлмөлөрү, айванча, көпүрөлөр курулган), борбордук бөлүгүндө жыгачтан салынган Шэнмудянь храмы (1023–31), Тайюанга жакын Тяньлуншань тоосунда үңкүр храмы (6-кылым) сакталган. Тайюанга жакын жерде космодром курулган. Тайюандын аймагынан таш көмүр (Сишань), темир кени казылып алынат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү