Талейран-Перигор Шарль Морис

Талейран-Перигор Шарль Морис (2.2. 1754, Париж – 17. 5. 1838, Луара өрөөнү, Валанс чарбагы) – Беневент герцогу, француз саясатчысы жана дипломаты, мамлекеттик ишмер. Ак сөөк үй-бүлөдөн. Париждеги д’Аркур колледжине тапшырып, Сорбонндогу Сен-Сюльпис семинариясында окуган (1770–73). 1788–91-жылдары епископ. 1789-жылы дин кызматчыларынан Генералдык штатка шайланып, 3-сословие өкүлдөрүнө кошулган. Чиркөө мүлкүн улуттун карамагына берүү жөнүндөгү декретти (1789, ноябрь) кабыл алууга демилге көтөргөн. 1792-жылы согушту токтотуу жөнүндө Улуу Британиядагы расмий эмес сүйлөшүүлөргө эки жолу катышкан. Монархия кулатылып (1792, август), англиялык роялисттер менен жашырын байланышы билинип калган соң, адегенде Улуу Британияда (1792), кийин АКШда (1794) эмиграцияда болгон. 1796-жылы Францияда Робеспьердин бийлиги кулап, директория тартиби орногондо өз өлкөсүнө кайтып келген. 1797–99-жылдары тышкы иштер министри. 1803–06-жылдары Ыйык Рим империясын түзгөн. Наполеон I жеңилип, Францияга каршы коалициянын аскерлери Парижге киргенде (1814, 31-март) убактылуу өкмөт түзүп, Бурбондор бийлигин калыбына келтирүүгө активдүү жардамдашкан. Вена конгрессинде (1814–15) Франциянын позициясынын чыңдалышына жетишкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү